www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн аптанын аягында "мен серый кардинал эмесмин, мен белый пушистыймын" деген Иманкадыр Рысалиевдин жүзү ачылып, абийири төгүлдү эле. Азыркы күнү ал абийрлер оргуштап, оту тутанып бара жатат, Кыргызстанга 4-уюлдук оператор катары киргизилип жаткан "КТ-Мобайл" ишканасы боюнча бир катар орунсуз иштери орун алыптыр. Анда бул компаниянын орун басарлыгына кара чечекей баласын 300 миң айлык менен олтургузуп, бажасы Абылгазиевдин орун басарларынын кабинеттери өкмөт мүчөлөрүн чогултуп жыйын өткөрүп, Мегакомдун жетекчисине коркутуу каттарын жазып, анан эле аппак болуп актанып эле жатып калды.

Актанганда да эки сөзүнүн бири эле "ал фейк, ал - дезинформатор, ал - дебил, жалган" - деп жанын жеп жатты. "КТ Мобайл" ишканасы боюнча "Альфа Телеком" ишканасынын башкы директору Акылбек Жамангуловго Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун Жогорку Кеңеште "КТ Мобайл" боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда айткан. Ал боюнча да мойнуна албай, ал каттарды мен өзүм бергем деп беттен алып, "Акылбек Жамангулов алдап жатат. Мен аны эч кандай коркуткан эмесин, ал "дебил" - деп сыпаттады. Бул кылыгы менен Иманкадыр-Иван кадр экенин, анын ою боюнча "КТ-Мобайл" гана улуттук оператор боло тургандыгын айтып оозун чойду. Ал киши Мегакомдун 100 пайыз акциясы өкмөттүкү экенин билбейби?!

Анан дагы өзү жазган смстерди башка жакка буруп, "мен өлкөнүн келечеги үчүн түйшөлөм" дегени эч суу кечпейт. Андан тышкары «Иманкадыр Рысалиевдин «Ачык Өкмөт» долбоорундагы форум эмне тапшырма берсе ошону аткарам, өкмөттөн талап кылам, бөлүмдөр менен сүйлөшөм, ошонун чегинде КТ-Мобайл боюнча сурагам» — деп айткан сөзү, түшүнгөн кишиге күлгөндөн башканы жаратпайт. Бул тууралуу жарандык активист Рита Карасартова: «Ачык Өкмөт» менен «КТ Мобайл» ортосунда байланыш жок! Биз Иманкадыр Рысалиевге мындай тапшырма берген эмеспиз, бул жөн гана баналдуу уурулук. Жүз пайыз улутташтырылган мамлекеттик компанияны өкмөт башчы экөөнүн "улуттук компания эмес" дегени, бизди жарандык коомду да, таң калтырууда», - деди ал.

Кечээ Өкмөт үйүндө «Ачык Өкмөт» форумунун 6-отуруму өтүп, анда алгачкылардан болуп «бажагейт» окуясын карашты. Анда форумдун мүчөсү Нурбек Токтакунов форумдун катчысы Иманкадыр Рысалиевдин ишмердигинен кийин, форумга атайын катчылыктын кереги жок экендигин, ал киши «Ачык Өкмөттүн» ишине көлөкө түшүргөнүн айтты. Ал эми айрым мүчөлөр улуттук форумдун катчылыгынын башына Өкмөттүн аппарат башчысы шайланышы керектигин айтты. Кыскасы, серый кардинал кылган кылыктары кыйлага коомчулуктун эсинен кетпес болду. Бул маселе коомчулукка ачык чыгып, баласы иштен кетти, өзү кетти, эми бажасын ала жатпаса болду.

Булак: "Факты.kg"

 

Последние новости