www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеке ишкер, "Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун жубайы интернетте тараган видео боюнча «Хабиби» аттуу жаранга жооп кайтарды.
Мирбек Мияровдун жубайы Айсулуу Алтымышеванын айтуусу боюнча, мурда «Адинай», азыр «Хабиби» болуп аты менен кошо фамилиясын өзгөрткөн жаран жеке ишкер Мирбек Мияровду шантаж жасоодо.
Айсулуу айым «Хабиби» аттуу жалган жалаа жапкан жарандын айткандарын төмөндөгүчө төгүндөдү.
«Бул кыздын биздин үй-бүлөгө, ата-энебизге, балдарыбызга чейин чалып, жазып, каргап-шилеп, коркутуп келгенине көп болду. Анын айынан ата-энебиз ооруканада, улуу кызыбыз депрессияга туш болду. Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп, 5 балалуу эркекти азгырып, экинчи аял болуп тийгени аздык кылдыбы, түшүнө албайм. Кудайга шүгүр, мен акылмандык кылып, макул, болору болду, баёсу канды деп, Хабиби деген кызга үстүнө үй, астына машина, баскан турганына тыйын-тыпыр болсун деп салон алып бердирттим. Эми болсо, балам каралбай калды деп, баланы бетине кармап чыгып жатат. Баланы бакпай, ичимдик ичип, каралбай канча калтырды. Мен буга чейин айкөлдүк кылып, өзүнө канча ирет айттым, баланы баккың келбей, жөн гана үй-бүлөнү бузуп, жолдошумду тартып алгың келип жатат. Баланы мага бер, алтынчы балам кылып багып алам. Сенин болгон максатың жолдошумду тартып алуу болуп жатат. Ишеним кат бербегенибиз да ошол, эне болуп жетиле элексиң, эне мээрими, түшүнүгүң жок. Эми болсо президентке, генералыбызга кайрылып, болбогон үй-бүлөлүк маселеге аралаштырып жатасың. Сот процесстери болуп жатат, мыйзамдуу жагына сот чечип берсин», — деди Айсулуу Алтымышева.
Айсулуу айымдын айтымында, Хабиби аттуу жаран өзүн биринчи аялымын деп, 5 баланы төрөп берген мыйзамдуу жубайын экинчи аялы катары көрсөтүп коомчулуктун оюн буруп келет.
Кайрылуунун видеосун Назар Ньюс маалымат агенттигинин инстаграм баракчасынан көрө аласыздар.