www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда иш сапары менен Азербайжан Республикасына барды.
Мамлекет башчысынын учагы Физули шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Азербайжан Республикасынын маданият министри Адиль Керимли жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропорттун флагштокторуна Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин желектери илинген, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.
Белгилей кетсек, президент иш сапарынын алкагында ЭКУнун 17-саммитине, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Агдам районундагы «Айкөл Манас» мектебинин расмий ачылыш аземине катышат.