www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мистикалуу окуя: Канжардын сыры

Бир аптанын ичинде эле ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери укмуштуудай төбө чачты тик тургузган эки окуяга күбө болушту. Калаа четиндеги бийик дарбазасы бар бийик короонун ичинде ушунчалык жырткычтык менен бырчаланып, устукандалып кескиленген өлүктөрдү көрүштү. Өлүктөр ушунчалык шылынгандыктан ар кайсы жерде жаткан адамдардын баштары кайсынысы кайсы денеге тиешелүү экенин ажырата албай да калышты. Бир топ күнгө жатып калган өлүктөрдөн жагымсыз жыт уруп турду. Бөлмө ичи толтура полдун үстүндө сапырылган акчалар.

- Булар сыягы инкассаторду тоногон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү окшойт. Кылмыш иликтөө тобунун жетекчисинин орун басары Сапар Сыдыков өлүктөргө, анан акчага таң кала карап турду, бирок дагы бир табышмактуу, таң калычтуу нерсе, ушунча адамды кыйнап барчалап өлтүргөн адамдар эмне үчүн акчаларга тийишкен эмес. Алардын максаты эмне киши өлтүрүү, өч алуу беле? Андай болсо алар кимдер?

Медэкспертизанын аныктоосунда өлүктөр жалаң курч бычак менен шылыныптыр. Мындай табышмактуу окуянын сырын чече алышпай милиция кызматкерлери баштарын катырып жатышты. Дагы бир таң калычтуу нерсе, санап, эсептеп көргөндө инкассатордон тонолгон акчалардын бир сому дагы кемибептир. Акчалар тактоо, аныктоодон кийин ээсине кайтарылып берилди. Короо ичинде болсо бири-бирине окшош үч "тойота" маркасындагы жип машинелер турган.

Бул кандуу окуянын иликтөө иштери жүрүп жатканда ушуга окшош дагы бир кылмыштуу окуя тууралуу маалымат келип түштү. Окуя болгон жерге жетип келишкен кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери бийик дубалдуу үйдүн ичинде жалаң адам өлүктөрүн көрүштү. Эки окуянын бири-бирине байланышы барбы, жокпу ошону аныктоого киришишти. Экинчи короонун ичинде да кымбат баадагы эки-үч жеңил машине. Үйдүн ичиндеги өлүктөрдүн бардыгы бир нерсеге тирүүлөй күйүп кетишкен. Тим эле кимдир бирөө аларды от менен тирүүлөй куйкалагандай. Тээ бир топтон кийин алар бөлмө ичинде дал эле ортодо полдо сайылып турган кандайдыр бир канжарды көрүштү. Сырдын түйүнү баарына ошондо маалым болгонсуду, андан ар кандай түстөгү нурлар чачырап турган болчу.

- Жакын жолобогула ага, ал өтө эле коркунучтуу зат. Момунча өлүмгө себепчи болуп жаткан дал ушул канжар. Мобул күйүп кеткен өлүктөр да ушул канжардын кесепетинен. Бардыгы канжардай оолак боло алыстан карап турушту. Бөлүмдүн жетекчиси канжар тууралуу өзү жогору жактагыларга маалымат берди. Көп убакыт өтпөстөн кара "Хаммер" маркасындагы машинеге түшүшкөн беш-алты киши келишти. Алардын арасында генерал Осмонов да жүрөт. Ал дал эле ушул канжар боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп келаткан. Эч кимге көңүл бурбастан машинеден чыга калып дароо эле шыпылдай басып канжар турган бөлмөгө кирип келди да. Каңырсыган өлүк жыттанган абага мурдун чүйрө оозу менен мурдун алаканы менен жапты. Ал ар кайсы жерде тырайып өлүп жаткан өлүктөргө көңүл да бурган жок. Эс-дартынын баары эле ортодо полдо сайылып турган канжарда болчу. Ал ага жакындап колун созуп келатып бир нерсе эсине түшкөндөй чочулай кайра дароо колун тартып алды. Анан башын бура айлана-чөйрөсүнө көз жүгүрттү. Ошондо гана капкара болуп күйүп жаткан өлүктөрдү көрдү. Анан жанында өзүн жардана карап турушкан милиция кызматкерлерине кайрылды.

- Бул канжар боюнча бизден башка эч кимге маалымат берилген жокпу?

Бардыгы унчукпастан аны жалдырай карап турушту. Буга генералдын ачуусу келе катуу кыйкырып сүйлөдү.

- Мен силерден сурап жатам, канжар тууралуу башка кимдерге маалымат бердиңер?..

-  Жок, жолдош генерал, силерден башка эч кимге маалымат берген жокпуз. Силердин дежурлук  кызматта  иштеген кызматкерлериңерге гана бул окуя боюнча доложить эткенбиз, башка эч кимге.., - кылмыш иликтөө тобунун жетекчисинин орун басары Сапар Сыдыков калтырай жооп берип жатты.

-  Муну деген эч ким билбеши керек, өзгөчө канжар тууралуу маалымат ушул жерде гана калышы керек, уктуңарбы?!. Тим эле балык болгула. Эскертип коёюн, кимдир бирөөлөргө кичине эле маалымат берсеңер, өзүңөр зыян тартып аласыңар. Бул канжар деген кандуу, анан сырдуу, табышмактуу    канжар.    Өзүнө өлүм чакырып, кан гана тилеп турат. Эмне канжар экенин азырынча эч ким аныгына жете элек. Анын үстүнө мунун үстүнөн охота кылып жүргөн топ-тобу менен жашыруун чет өлкөдөн канчалаган гана адамдар келишти. Эгерде канжардын бул жерде экенин билип калышса, аябагандай кандуу окуя болуп кетиши мүмкүн. Ар ким эле буга ээлик кылгысы келип жатат. Бул табышмактуу канжарга кызыккандар ушунчалык көп, ошондуктан мен силерге эскертип жатам. Бул коркутуу, үркүтүү эмес, тек гана ушул жерде тургандардын бардыгыңарга эскертем, Эгерде бул жөнүндө кимдир бирөөлөргө маалымат жеткире турган болсоңор, жумуштан бошотмок тургай соттотуп жиберем, уктуңарбы?!.

Бардыгы уктук дегендей баштарын ийкешти. Топтун жарымысы гана куралчан болчу, калганы кылмыш иликтегени жөн гана келишкен. Генерал акырын канжарга жакындап келип адегенде даай албай бир аз карап турду дагы чөнтөгүнөн атайын даярдай келген ак чүпүрөктү алып чыгып аярлай, акырын канжардын үстүнө таштады дагы чүпүрөктү мыжый кармап, аны полдон сууруп алды. Анан тыкан ороп, сыртынан калың жип менен байлап, өзүн карап тургандарга кайрылды.

-Тигил жердеги өлүктөрдүн көздөрүн куруткула. Канжардын изин сууткула, тазалагыла, дагы кайталайм, бул маалыматты эч ким билбеши керек, - ал ак чүпүрөктү кандайдыр бир дипломатка окшош   сумкага   тыкан   салып туруп  сыртын  ачкыч  менен бекитти. Анан "силер өзүңөрдүн ишиңерди бүтүрө бергиле" дегендей белги берип машинесине отурду. Машине от алып ордунан козголо бир аз жүргөндөн кийин эле дөңгөлөк жагы жарылып аласалып кетти. Сыягы, аны кимдир бирөөлөр гранатомет менен атса керек.    Машиненин    ичинде жаткан генерал өзүнчө сүйлөнүп койду.

- Все-таки бул тууралуу маалыматты  жеткиришкен  экен да. Бир көзүң бир көзүңө кас, душман деген ушул экен да. Демек,  биздин  арабызда  да чыккынчылар бар акчага сатылган.., - ал чөнтөгүнөн пистолетин  алып чыгып  атууга даярдап койду. 

Автор: Саадатбек Мырзакул уулу 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости