www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков «Ак илбирсти сактайлы» аталышындагы алгачкы эл аралык кайрымдуулук марафонуна катышып, Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге 5 чакырым аралыкка чуркаган.

Иш-чаранын соңунда төрага, «2013-жылы Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум өткөн. Борбор Азияда алгач ирет өтүп жаткан мындай иш-чара аркылуу кыргызстандыктар илбирсти коргоо аракетине өз салымыбызды кошууну көздөдүк», -деген.

Тилекке каршы,  кечээ, 24-октябрда ЖК депутаттары Кыргызстандагы элик, бугу, аркар, марал жана башка сейрек кездешкен жаныбарларды атууга тыюу салыш керек деген мыйзамды тобу менен колдобой четке какты.

Бул көрүнүштү дүйнөлүк ММКлар жазып чыкты. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан жогорку көрүнүшкө социалдык тармактын колдонуучусу Нурбек Жумабеков “Сур эчкинин небереси Ала-Арчанын башына чыгып, Ак үйдү карап,  каргап эмес, “просто” ашата сөгүп турган жери”, деп ыр менен сүрөттөгөн.

Төмөндө Нурбек Жумабековдун Сур эчкинин небересинин жазган арманы:

Чөп жулуп мага бербесең, Жолумдун ташын тербесең. "Ата бер" деп айтыпсың, Кеңешип мага келбестен.

Бышылдап араң басасың, Каталуу мыйзам жазасың. Каттаган жериң сауна, Кантип мени атасың?

Талкалап бүтүп жайытты, Тоолорду сатып байышты. Томолонуп баса албайт да, Кеп кылат мени атышты.

Эликти күлүк аңчы атат, Эчкини тосуп чарчатат. Элита болгон сендейлер, Түтөгүп тоодо ач калат.

Илгерки атам Ала-Баш, Кожожаш калган аска таш. Эсиңден чыга элекпи, Сур эчки төккөн кайран жаш.

Отурчу шордуу ээликпей, Оозуңду чойбой тердиктей. Талпагың ташка жайбасын, Эгем бар менин теңирдей.

Ютубду ачып карасам, Атабыз деди топ арам. Табиятка зыянкеч, Жарыбайт андай куу адам.

Кыскасы болбойт окшоду, Атууну баары колдоду. Келе бери эми күтөмүн, "Кой" аталган жоон топту.

Басылсын көпкөн өпкөсү, Келишсин эми көрөлү. Пар чыкканда сезишээр, Пахтага көнгөн көттөрү.

Келишсе кейпин билейин, Астына түшүп бийлейин. Алаксытып баардыгын, Аскадан түртүп ийейин.

Чыгарайын маңкасын, Айдатып келсин таңкасын. Ыраазы болуп башкалар, Кылымга мени мактасын. Ырына кошуп атымды, Фотомду Ак үйгө илип чаптасын,- деп жазган Нурбек Жумабеков.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости