www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык кикбоксчу Авазбек Аманбеков WAKO версиясы боюнча кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугунда финалга чыкты. Турнир Босния жана Герцеговинанын Сараево шарында өтүп жатат.

Аманбеков 57 килограммга чейинки салмакта лоу-кик боюнча таймашып жатат. Ал 23-октябрда палестиналык мушкерди, 24-октябрда америкалык мушкерди жеңген. Бүгүн жарым финалдык беттеште Мавританиялык мушкерди утуп, финалга жолдомо алды.

Ошондой эле, Аброр Хакимов да финалга чыгуу үчүн бүгүн беттеш өткөрөт.

Белгилей кетсек, бул турнирде катышып жаткан кыргызстандык мушкерлер Алексей Федосеев, Рустам Ибрагимов жана Шерзод Кабутов жеңилүү ызасын тартып калышты.

Мекендешибизге финалда да ийгилик каалайбыз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости