www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө кадимки эле бензин “лихорадкасынын” эпидемиясы жүрүп жаткандай.

Бул апта мыйзамсыз ташылып келген бензин, дизель майына экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (финпол) аңчылык жарыялап, анысы жемиштүү жүрүп жаткандыгын байкасак болот.

Эми гана “үүх” деп эс ала түштүк эле, аткезчи ишкерлер Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Чалдыбар - Автожол” өткөрмө пунктунан дагы “доза” өткөрөлү деген экен. Чек ара пунктунан “Вольво” оор жүк ташуучу унаа токтотулуп, анын кошумча май куючу челегинен техникалык документтерде көрсөтүлбөгөн көп өлчөмдөгү күйүүчү май табылган.

Майды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган жаран салык кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.   

Же чек арачылар биздин адамдарды кармап жатасыңар деп, финпол "крышовать" эткен адамдарды кармадыбы, ким билсин? Болбосо бул  “Вольво” оор жүк ташуучу унаасы биринчи жолу эле өтүп жатпаса керек?..

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости