www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын тергөөчүлөрү Кытайдан мыйзамсыз жол менен ташылып келаткан 80 тонна өрдөк этин кармашкан. Этти камактан чыгаруу жана аны ташып келаткан ишкер Эмир Эмилкановду жазадан куткаруу убадасы менен өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары Бакыт Калмуратов жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финансы полициясы) төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев 50 миң доллар пара алышы мүмкүн деген 2018-жылы болгон окуя боюнча коомдо чоң талкуу жүрдү.

Натыйжада Калмуратов иштен алынды. Өкмөт башчысынын өкүл баласы делген Жамгырчиевдин кылы кыйшайган жок. Калмуратов деле дээрлик он жылга чукул Абылгазиевдин көздөй кадры катары болуп, ар дайым жанында жүргөн. Минтип Абылгазиевдин эки жакынынын коррупция жыттанган иште аты аталып жатса, екмөт башчысы деле "ак карга" эмес окшойт деген шектенүү жаралат экен, -деп "Фабула" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости