www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдына «Кыргызалтын» ишканасынын жетекчисине нааразы болгондор кайрадан митингге чыгышты.

Нааразычылык акциясына чыккандар Чаткал, Эмгекчил, Казарман жана Кемин айылынан келген тургундар.

Алар Садыр Жапаров менен сүйлөшүүнү талап кылып жатышат. Ошондой эле алардын айтуусу боюнча «Кыргызалтын» ишканасынын азыркы жетекчиси Алмаз Алимбеков ал кызматка татыктуу эмес.

«Беш жыл аралыгында, ал тарабынан көптөгөн мыйзам бузуулар болду, бизде алтын уурдалгандыгы боюнча видеотасмалар бар. Жергиликтүү тургундар Солтон-Сары кенинде кытайлар иштей баштагандан кийин эт комбинатын, мейманкана комплексин куруп, асыл тукум аары үчүн атайын кутучаларды орнотуп беребиз деген убадасын аткарбай жатканына нааразы болушууда. Буга чейин Алмаз Алимбеков кенде банкрот деп жарыялаган, бирок эмне үчүн кытайлар келээр замат, иш башталып кетти? Азыркы учурда алар айына 30 килограммга чейин алтын алып жатат», - дейт митингчилер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости