www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык аралаш мушташ (ММА) мушкери Тони Фергюсон орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун спорттон кеткендигине байланыштуу комментарий берди. 

"Мен өз жумушумду жасадым, ал качып кетти. Каргашалуу Дагестандык ит куйругун түйүп алып качып кетти", - деди Фергюсон. Америкалык мушкер Нурмагомедов экөө мушташмайынча өзүн мыкты күрөшчү деп атай албайт деп кошумчалады. 

Джон Джонс орусиялык Хабиб Нурмагомедовду рейтингдин лидери кылуу чечимин куру сөз деп атады. Тони Фергюсон да бул твитти колдоп, комментарий бөлүмүнө "Жигит туура айтат"-деп жазган.

Кийинчереек Джон Джонс Инстаграмм баракчасында кайрадан видео билдирүү жасап, ал орусиялык Хабиб Нурмагомедовдун күйөрмандарын шылдыңга салган. 

-Балдар, силер тамашакөй экенсиңер. Менин уткан 15 лигам бар. Силердин жигитиңерде болсо төртөө гана ”, - деди Джонс. 

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от BONY (@jonnybones)

 

Ошондой эле ал, Нурмагомедовдун мыктылар рейтингинде "биринчи орунду мага бергиле, спорттон кетип жатам" деп өтүнгөнүн: «Мен 15 жолу дүйнөлүк наамды жеңип алгам, ал төрттү эле. Курду үч жолу гана коргогон рейтингде менден алдыга чыга албайт. Адамдар анын ушул учурдан ырахат алышын каалап жатышат. Бирок бул менин эмгегимдин баасын төмөндөтөт », - деди UFC уюмунун мыкты мушкери. 

Бирок ошол эле учурда Конор Макгрегор Нурмагомедовдун кетүүсүн туура түшүнүп колдоо көрсөткөн эле. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости