www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылкы апрель окуясынын катышуучулары Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы, Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу нааразылык билдирип, басма сөз жыйынын өткөрүштү.

Жыйынга ыңкылаптын катышуучуларынан жана анда каза болгондордун жакындарынан түзүлгөн «Мекен Шейиттери» уюмунун өкүлү Гүлмира Абдылдаева, «Айкөл Таза Коом» бирикмесинин өкүлү Баялы Төрөбеков, «Таза Коом» бирикмесинин өкүлү Усупбий Шеримбаев жана башкалар катышты. Алар Темирбаевдин абактан чыгышы апрель окуясынын идеясына каршы келерин, арбактарды тебелөө болорун билдиришти. Чогулгандар муну мурдагы президент Курманбек Бакиевдин таасири кайрадан жандана баштаганы менен байланыштырышты.

«Апрелчилер» президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровду сотко кийлигишип, Нурлан Темирбаевдин жазасын толук өтөшүнө себепчи болушун талап кылышты.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук соту 23-октябрда Нурлан Темирбаевди шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин кабыл алган. Бул маалымат 27-октябрда белгилүү болгондон кийин Жогорку соттун басма сөз кызматы ага түшүндүрмө берип, сот ишти Темирбаевдин өзүнүн жазган арызынын негизинде ишти карап, аны канааттандырганын кабарлаган. Анын түрмөдөгү калган жаза мөөнөтү үч ай 20 күн деп эсептелген. Бул мөөнөт сыноо мөөнөтү деп саналып, көзөмөл бекитилди.

Мунун алдында басылмалар Темирбаевди бошотуу боюнча өтүнүчтү сотко ал жазасын өтө жаткан №27 түрмөнүн жетекчилиги бергенин жазышкан. Соттун чечимине каршы эч ким даттанбаса, ал 10 күндүн ичинде күчүнө кирет жана соттолгон жаран түрмөдөн чыгышы керек. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бул боюнча кенен түшүндүрмө бере элек.

Быйыл он жылдыгы белгиленген 2010-жылдагы кандуу апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган. Калгандарына сот өкүмү чыккан.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.

Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген. Ушул тапта апрель окуялары боюнча Дунганов менен Темирбаев гана түрмөдө жазасын өтөп жатканы маалымдалган. Калгандары ар кандай жагдайда бошотулган.

 

Последние новости