www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындай пикирин коомдук активист Адилет Калыгулов бүгүн, 3-декабрда соцтармактагы өзүнүн баракчасына жазды.
Анда ал кыргыздардын кыз кишиге илгертен аяр мамиле жасап келишээрин, "Аял", "Эне" деген статус ар дайым бийик туруп, аларга болгон сый-урмат жогору тураарын жазат.
- Ичеги-карын тазалоо бул кыргыздын маданияты. Аны тазалоодо аялдардын укугу тепселип, кордолбойт. Ичегини айыл жерлерде эркектер деле бир сыйра тазалап, жууп коюшат. Калганын кыз-келиндер кырып тазалашат.
Экинчиден, “Кыздын кырк чачы улуу” деп бизде айымдарды жогору баалап-сыйлашат. Энелерибиздин орду ар дайым төрдө. Бейишти да энелерибиздин таманында деп айтабыз, кыргыздар. Дасторконго коюлбайт, бирок эң ыйык тамак деп энелерибиздин сүтүн эсептейбиз. Эки жаш баш кошкондо кыз тарапты өзгөчө сыйлап, "кулдугубуз бар" дейбиз. “Кызга кол көтөрбө, колуң шал болуп калат” деп айтылат кыргызда. Аялыңа кол көтөрбө деген да жакшы насаатыбыз бар. Ажыга энеңди жонуңа көтөрүп барсаң да эне сүтүн актай албайсың дейт кыргыз. Наристе кезинен кызга аяр мамиле кылып, "ал кыз да, сен эркексиң" дейбиз. Кыскасы, аял затына биз өтө аяр мамиле жасайбыз.
Ошол эле учурда "кызга кырк үйдөн тыюу", "кыз бар үйдө кыл жатпайт", "жаман аял белгиси казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай", "адеби жок аялдын уяты жок" жана башка ушул сыяктуу макал-лакаптарыбыз да бар.
“Молдонун айтканын ук, кылганын кылба” дегендей, батыштын тилин үйрөнөлү, бирок салтын улабайлы.
Булак: NazarNews.kg