www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Каныбек Айдаровго "Мантыш" гезити "катталарга" кабыргадан коюлган суроолоду берген. 

-Каныбек Абдраев, кызматка келгениңизге бир топ болду, кандай иштерди аткарып жатасыз? Жоголгон буудайларды ордуна келтирүү боюнча иш-аракеттер жүрдүбү? 7 миң тонна буудай кымырган Төрөкулов каптип сүттөн таза болуп кутулуп кеткенин билесизби? Артында кимдер турган? Ошол боюнча кеңири айтып бергенге духуңуз жетеби?

Матрезервдер фондунда Каныбек Айдаров деген неменин төрага бодуп келгенин укканбыз. Бирок, кандай киши болду экен деп интернеттен издеп атып сүрөтүн араң көрдүк. Жетекчи катары жемкорлукка багытталган Президенттин демилгесин көз жаздымда калтырып, кыймылдай элек. Аталган тармак Айдаров келгенге чейин коррупцияга белчесинен батып калганы буга чейин далай ирет айтылган. Андан чыгуунун жолдорун Каныбек мырза карап атабы же мурунку «салынган чыйыр» менен эле иш алып барыш атабы, анысын биле албадык. Өзү иштеген жердеги коррупция боюнча билбесе, бир-эки фактыны алдына тарталы. 2010-жылдагы төңкөрүштө Балыкчыдагы материалдык резервдер фондунан 7 миң тонна буудай жоголгону аныкталган, аны түпкө койгон А.С.Төрөкулов деген адам экени такталган. Мурунку жетекчи Жумабековго 27 млн. доллар кымырып алганы да билинип, кылмыш иши козголгон. Азыр да жең ичиндеги иштер кайталанып жатканы боюнча сөздөр бар. Мунун да кекиртеги таза эмеспи?, деген  "Мантыш" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости