www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лондондогу терактта Кембридж университетинин бүтүрүүчүлөрү 23 жаштагы Саския Жонс жана 25 жаштагы Жек Меррит каза тапты. Алар абактан эркиндикке чыккан жаштарга колдоо көрсөткөн "Чогуу билим алалы" аттуу социалдык долбоордо бирге иштечү.Кол салуудан дагы үч киши жаракат алды. Алардын абалы канааттандыраарлык деди дарыгерлер. Бул тууралуу чет элидк басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, өткөн жума күнү 28 жаштагы Усман Хан Лондон көпүрөсүндө бычак менен көчөдөгүлөргө кол салган. Аны тургундар кармап калышкан. Кийин полиция келип, жанкечти курун байкап калып, шектүүнү атып өлтүргөн.
Мурда Усман Хан террордук уюмдарга байланышы бар деген айып менен 16 жылга эркинен ажыратылган экен. Бирок, сегиз жылдан кийин, 2018-жылы эркиндикке чыккан.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон террордук уюмдарга байланышы болгону үчүн соттолуп, бирок жаза мөөнөтүнөн эрте бошотулган 74 киши бар экенин билдирди. Премьер-министр терроризм боюнча соттолгондорду мөөнөтүнөн эрте бошотууну токтотуу зарыл экенин баса белгиледи.
"Полиция Усман Хандын Стаффорддогу үйүндө тинтүү жүргүздү. Жекшемби күнү кечинде окуяга байланышы бар деп шектелген 34 жаштагы киши камакка алынганы белгилүу болду. Полиция анын ысымын атаган жок. Ал дагы мурда терроризм боюнча соттолуп, мөөнөтүнөн эрте бошотулгандардын бири деп айтылууда",- деп айтылат маалыматта.
Британияда бир ай мурда эле террордук чабуулдун коркунуч деңгээли орточо абалга түшкөн эле. Башкача айтканда, террордук чабуул уюштурулушу мүмкүн, бирок анын "ыктымалдуулугу төмөн" деген чечим кабыл алынган.
Террордук чабуулдун ыктымалдуулугу боюнча көрсөткүчкө британ өкмөтү жооп бербейт. Аны көз карандысыз борбор жүргүзөт.