www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Молдовада маймыл чечек оорусунун биринчи учуру катталды. Бул тууралуу 8-августта республиканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Молдовада маймыл оорусунун биринчи учуру катталды. Америка Кошмо Штаттарынан биздин өлкөгө иштегени келген чет элдик жарандан маймыл оорусу тастыкталды», - деп билдирди саламаттык сактоо министрлиги социалдык тармактагы баракчасында.
Маалыматка ылайык, чет элдик жаран Кишинев шаарындагы Том Чорбэ клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына медициналык жардам сурап кайрылган.
Ал жерден алсыздык, дене табынын көтөрүлүшү жана териде майда тактардын пайда болушу сыяктуу белгилер менен маймыл оорусуна шектелип ооруканага жаткырылган.
Булак: NazarNews.kg