www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдованын жаңы шайланган президенти Майя Санду Приднестровья маселесин чечүүдө өлкө аймагынан орсиялык аскерлерди толугу менен чыгаруу жагы сөзсүз каралышы керектигин билдирди.

Ал украиналык "Европа чындыгы" басылмасына курган маегинде өлкөнүн буга чейинки президенти Игорь Додон сунуш кылган вариантты кабыл албай турганын, Молдованы федералдаштырууга каршы экенин билдирди.

Санду жаңжалды чечүү форматы табыларына, тынч жол менен чечилерине ишеним билдирип, анда орусиялык аскерлерди толук чыгаруу боюнча шарт болорун белгиледи.

Орус тилдүү калк басымдуулук кылган Приднестровье 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өзүн көз карандысыз деп жарыялаган. Анткен менен эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү катары санайт. Ошол эле учурда Орусия аталган аймакка экономикалык жана саясий колдоо көрсөтөт, аскерлерин да жайгаштырган. Москва муну "тынчтык орнотуу" аракети деп түшүндүргөн. 

Эске салсак, Өлкөнүн экс-премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду өткөн жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы Игорь Додонду жеңип чыккан. 48 жаштагы Санду коррупцияга каршы аёосуз күрөшөрүн айтып, Европа Биримдиги менен тыгыз байланыш түзүүнү убада кылып келген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости