www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин пресс-катчысы Галина Байтерек буга чейин ал учурдагы Президент Садыр Жапаров кол койгон бир катар жарандарга ырайым тартуулоо буйругутууралуу маалымат берди. 

«Ырайым кылуу боюнча эки миңден ашуун кайрылуу каралган. Натыйжада президенттин жарлыгы чыгып, ага ылайык 200дөн ашуун жаран кечирилген. Булар жеңил кылмыштарды жасаган адамдар. Мындан тышкары, кечирилгендердин арасында аялдар, жашы жете элек балдар жана катуу ооруп жаткан жарандар бар. Келечекте кандайдыр бир аудит жүргүзүлүп, кылдат текшерүүдөн кийин башка жарандарга кечирим берүү чечимдери кабыл алынат. Бул багыттагы иштер улантыла берет», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости