www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцария Кыргызстандагы медайымдардын билимин модернизациялоону колдойт. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин миссия башчысынын орун басары Энн Моулин онлайн форумда билдирди.

«Швейцария 2030-жыга чейин саламаттыкты сактоону реформалоо стратегиясын ишке ашырууда сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз болгон жана болуп кала берет. Биз биргеликте медайымдардын квалификациясын жогорулатып, аларга татыктуу эмгек шарттарын сунуштай алабыз », - деди ал.

 Энн Моулин саламаттыкты сактоо тармагында эки өлкөнүн илгертен бери келе жаткан өнөктөштүгүн баса белгиледи.

“20 жылдан ашуун убакыттан бери биз Кыргыз Республикасында ушул багытты өнүктүрүү боюнча иш-чараларды колдоп келебиз. Биздин негизги максатыбыз- бул медайымдардын ролу өтө маанилүү болгон баштапкы деңгээлди өнүктүрүү. Бүгүнкү күндө, биринчи кезекте медициналык-санитардык жардам системасында үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздиги байкалууда, айрыкча айыл жеринде жана алыскы аймактарда.

Айылдык медициналык пункттарда өз милдетин аткарган медайымдар дарыгерлердин жетишсиздигин жоюуга жардам беришүүдө. COVID-19 пандемиясы кызыл зоналарда, мобилдик топтордо жана 118 ишеним телефонунда иштөөдө адистердин жетишпестишине туш болгон учурда, жардамчы болгон медайымдардын маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады », - деп кошумчалады миссия башчысынын орун басары. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости