www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 5-апрелинде Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Тажикстандын РФдагы элчиси И. Сатторов менен жолугушту. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда маданий-гуманитардык чөйрөдөгү биргелешкен ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө, Россия Федерациясындагы эки өлкөнүн диаспораларынын ортосунда байланыштарды түзүүгө жана тажрыйба алмашууга, биргелешкен маданий жана спорттук иш-чараларды уюштурууга багытталган кыргыз-тажик мамилелеринин маселелери талкууланды.

Тараптар кыргыз жана тажик элдеринин ортосундагы болгон достукту чыңдоо үчүн байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өз ара пикирлерин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости