www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-кылымдын 2-жарымында түзүлгөн геосаясый жагдайлардан улам Кыргызстан падышалык Орусиянын курамына колония катары кирүүгө аргасыз болгон. Анткени, дал ошол кезде Европанын алдыңкы державалары дүйнө жүзүн колония катары басып алуу саясатын активдүү жүргүзгөн.
Албетте, орустар келгенде эле кыргыз эли жыргап кеткен жок. Орус падышасынын баскынчылык саясатына ылайык орус колонизаторлору Кыргызстандагы бышыкчылыктуу жана дыйканчылыкка абдан ылайыктуу
- Чүй,
- Ысык-Көл,
- Фергана өрөөндөрүн басып алып, жергиликтүү кыргыздарды бийик тоолорго сүрүп салышкан.
Эскерте кетсем:
1. Ислам динин салттуу кармаган Түштүк Кыргызстан менен Фергана өрөөнүнө караганда Теңир ишениминдеги Түндүк Кыргызстанда орустардын таасири менен орусташуу процессинин эффективдүүлүгү бир кыйла чоң болгон.
2. Борбор Азия өлкөлөрүн өзүнө каратуу үчүн Падышалык Орусияга каршы Англия мамлекети тиш кайрап, бул чөлкөмдө Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн, ири алдыда, Англиянын ортосундагы "чоң саясый оюн" ("большая игра") ойнолгон.
Батыш өлкөлөрү Падышалык Орусияга каршы ар кандай геосаясый ыкмаларды колдонгон. Айтсак, исламдан алыс болгон Түндүк Кыргызстанга алар атайы даярдыктан өткөн диний эмиссарлар менен тыңчыларды жөнөтүшкөн. Бул эмиссарлар менен тыңчылар кыргыз элин башкарган адамдарды колго ала башташкан.
Айтсак, Дөөлөтбек Сапаралиев аттуу илимпоз тарыхчы
- Шабдан Жантай уулу,
- Чолпонкул Тынаалы уулу,
- Дүр Сооронбай уулу,
- Канат Акыке уулу,
- Мөкүш Шабдан уулу ж.б. кыргыз башчылары Түркияга барышып, маданий жана саясый байланыштарды түзгөндүгүн жазат (караңыз: Сапаралиев Д.
Kirgiz Turk Kulturel ve Sayasi Iliskilerinin Tarihi. Tukkish Studies, Volume 2/2, Spring 2007, P 53-55).
Түркиядан келген диний эмиссарлар тилдик, дилдик, тектик жалпылыкты шылтоо кылып, Түндүк Кыргызстандын эл башкаруучуларын ар кандай жол менен намазга жыгып, ажы зыяратын жасоого үндөп, аларды падышалык Орусияга каршы көкүтө баштанан.
Айтсак, 1904-жылдын 8-мартында Шабдан баатыр түрк эмиссарларынын колдоосу астында Стамбулга барып, Шам деген аймактан Медина шаарына чейинки аралыкта курулуп жаткан "Хиджаз" деп аталган темир жолу үчүн 2000 алтын кошумча кошумчалаган. Бул үчүн түрк падышасы Абдулхамид II тарабынан Шабдан баатырга орден ыйгарылган.
Эскерте кетсек, "Хиджаз" деп аталган темир жол ажыга бара тургандар үчүн курулуп жаткан. О.э. бул темир жол түрк дүйнөсүнө үстөмдүк кылууну ниет кылган Абдулхамид II нин тышкы саясатынын символу эле.
Мындан сырткары, илимпоз тарыхчылардын маалыматы боюнча 1902-1938-жылдар аралыгында Кыргызстанда "диверсант тыңчы" деген шек менен бир катар түрк жарандары колго түшкөн. Айтсак:
К. Үсөнбаев аттуу тарыхчы 1902-жылдын 18-январында Ош шаарында Салих Мухаммед Кадироглу аттуу түрк жараны колго түшкөнүн жазган (караңыз: Усенбаев К. Восстание 1916 года в Киргизии. - Фрунзе, 1967. - С. 76).
Салих Мухаммед өзүнүн перс кожоюну "Мегди Жаваддын уулумун" деп, өз тегин жашырып койгон. Салих Мухаммеддин Кыргызстанда өз атын жашырып жүрүүсүнө караганда ал Кыргызстандын түштүк регионунда жашыруун кызмат үчүн, Ферганадагы кыргыз элин орустарга каршы көтөрүлүшкө шыкактоо үчүн атайы келген болсо керек.
Илимпоз тарыхчы Дөөлөтбек Сапаралиев 1903-жылы май айында Осмон-түрк мамлекетинин дагы бир аскер кызматкери Хамид Эфенди аттуу адам Нарын аймагында, тагыраак айтканда, Ат-Башыда, "мусулман өлкөлөрүнүн биримдиги" деген идеяны жайгандыгы үчүн орустар тарабынан колго түшүрүлгөндүгүн Казакстандын архивдик материалдарына таянып жазган (караңыз: Сапаралиев Д. Kirgiz Turk Kulturel ve Sayasi Iliskilerinin Tarihi (XIX Yizyilinin sonu XX Yizyilinin baslangici). Turkish Studies. Volume 2/2, Spring 2007, P. 545-550).
1907-жылы май айларында Ысык-Көл аймагында түрк эмиссарлары менен аскерлерине жардам топтогондугу үчүн Султанмурат Аркам Төрө уулу кармалып, жаза тарткандыгын тарых барактары айтып турат (караңыз: Паяковский Б. А. Революция 1905-1907 годов в Туркестане. - М.: Изд-во АН СССР, 1958. - С. 548).
Ошондой эле 1915-жылы түрк эмиссарларынын таасири астында Кыргызстандын 37 калк жашаган аймактарынан ислам динине ашкере ооп кеткен кыргыз жетекчилеринин демилгеси менен калктан жыйналган акча каражаттары Афганистан аркылуу Түркияга жиберилген (караңыз: Зорин Н. А. Революционные движения в Киргизии. - Фрунзе, 1931. - С. 18).
1914-1918-жылдары, б.а. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Осмон империясы тарабынан Борбор Азияга атайы даярдыктан өткөн мамлекеттик кызмат адамдары жөнөтүлгөн. Мисалы, 1914-жылы 22-июнда Түркиядан жолго чыккан
1. Селим Сами мырза (1877-1927),
2. Адил Хикмет мырза,
3. Хуссейн Эмируллах мырза (1877-1952),
4. Хуссейн мырза,
5. Хаклыер Ибрахим мырза
аттуу 5 түрк аскер адамы Түндүк Кыргызстанга, же Жети-Суу аймагына келишип, жергиликтүү элди ислам динине өзгөчө күч менен үндөп, аларды орустарга каршы тукура башташкан (караңыз: Hikmet Adil bey. Asya'daki 5 Turk. - Istanbul, 1999).
Жогоруда аты аталган түрк улутундагы адамдар ислам динин жамынып алып, кыргыздарды "каапыр оруска" каршы тукуруп, кыргыз элин тукум курут кылган Үркүндүн болушуна түздөн түз таасир этишкен. Мисалы, алар 1916-жылы кыргыздардын көтөрүлүшү маалында мурда Стамбул шаарына акысыз барып келген Мөкүш Шабдан уулу тактыга келгенин кеңири сүрөттөп жазышкан.
Демек, 1916-жылдагы кандуу Үркүнгө мусулман эмиссарларынын таасири зор болгон. Чалмалуу түрктөрдүн акчасына убактылуу марыган Чүй өрөөнү менен Ысык-Көлдөгү кыргыз башчыларынын эли менен тууган-уругу, бала-чакасы менен жакындары биринчилерлен болуп курмандык чалынып кеткен. Чоочундар таңуулаган идея аркылуу жаралган ашынган динчилдик менен оңой акча эч качан жакшылыкка алып келбеси Үркүндө таасын билинген.
Жакынкы арада "Үркүн" аттуу фильм жаралды. Фильмди ислам динине баш-оту менен ооп кеткен Мухтар Атаналиев аттуу замандашыбыз тарткан экен. Бирок, фильмдин мазмуну менен тарыхый фактылар өз ара дегеле дал келбейт. Тарыхты бурмалоо арабдын акырынан жем жеген мусулмандарга жарашса жарашаар, бирок, бул адамкерчилик менен мекенчилдикке жатпайт.
Гүлзат Алиева, профессор
Булак: NazarNews.kg