www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК («Элкарт») Alipay+ менен биргеликте Кыргызстандагы колдонуучулар үчүн эл аралык QR-төлөмдөрдүн ишке киргизилгенин жарыялайт.

Эми «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүн жана региондорун камтыган Alipay+ бирдиктүү QR төлөм инфраструктурасы аркылуу чет өлкөлөрдө товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзө алышат.

Долбоор өлкө жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан санарип төлөм инфраструктурасын, чек ара аралык төлөмдөрдү жана заманбап финансылык сервистерди өнүктүрүү боюнча коюлган милдеттердин алкагында ишке ашырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын туунду уюму болуп саналган «БПБ» ЖАК улуттук «Элкарт» төлөм системасын өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана колдонуучулар менен өлкөнүн финансы сектору үчүн заманбап санарип чечимдерди киргизүү боюнча ырааттуу иштерин улантууда.

Бул сервистин жардамы менен колдонуучулар сатып алуулар үчүн төлөмдү көнүмүш ыкмада – түздөн-түз «Элкарт Мобайл» тиркемеси аркылуу QR-кодду сканерлөө менен жүргүзө алышат. Операциялар тез, коопсуз жана кошумча сервистерди туташтырууну талап кылбастан аткарылат.

Миллиондогон колдонуучулар үчүн бул жөн гана жаңы сервис эмес – бул ыңгайлуулуктун, мобилдүүлүктүн жана финансылык технологиялардын жеткиликтүүлүгүнүн жаңы деңгээли. Эми Кыргызстандагы көнүмүш санарип чечимдерди колдонуу менен чет өлкөгө саякаттап, билим алып, иштеп жана сатып алууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Маалымат үчүн

«БПБ» ЖАК (Элкарт) – Кыргызстандын улуттук төлөм системасынын оператору. Компания өлкөнүн бирдиктүү төлөм мейкиндигинин иштешин камсыз кылып, республиканын коммерциялык банктары менен финансы институттарын бириктирүү менен, «Элкарт» улуттук карталарын өнүктүрөт жана ELQR бирдиктүү QR-кодун кошо алганда, заманбап санарип чечимдерди ишке киргизет.

Ички рынокто «БПБ» ЖАК миллиондогон карта ээлерин тейлеп, Кыргызстандын бардык аймактарындагы соода жана тейлөө түйүндөрүндө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууну камсыздайт.

Alipay+ – Ant International тарабынан иштелип чыккан эл аралык санарип төлөмдөр платформасы. Платформа дүйнөдөгү алдыңкы электрондук капчыктарды жана төлөм тиркемелерин бириктирип, колдонуучуларга чет өлкөлөрдө көнүмүш мобилдик сервистер аркылуу төлөм жүргүзүүгө, ал эми бизнеске миллиондогон кардарлардан төлөм кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.

Бүгүнкү күндө Alipay+ дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөлөрүндө жана аймактарында жеткиликтүү болуп, миллиондогон соода түйүндөрүн жана эл аралык төлөм өнөктөштөрүнүн кеңири тармагын камтыйт.

Последние новости