www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын чалгын кызматы Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи учурда коопсуздук максатында жашыруун жерде жашырынып жүрөт жана тышкы дүйнө менен байланыштарды татаал курьердик тармак аркылуу гана жүргүзүп жатканын маалымдаган.
Модерн.az билдиргендей, бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, коопсуздук чараларынын күчөтүлгөнүнө байланыштуу ирандык жогорку кызматтагы аткаминерлер Хаменеи менен түз байланыш түзө алышпай жатат. Бул АКШ менен Ирандын ортосундагы согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөрдүн жай жүрүшүнө себеп болууда.
Байланыштагы мындай үзгүлтүктөрдөн улам Иран жетекчилиги «толугу менен алсырап бүткөн».
Эске салсак, Можтаба Хаменеи 28-февралда АКШ-Израиль коалициясынын аба соккусунан оор жаракат алган. Иран өкүлдөрү анын жарааттары айыгып жатканын билдиришкен.