www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-майда, Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” президенттик лицейинде өткөн акыркы коңгуроо салтанатына катышты.

Куттуктоо сөзүндө Биринчи айым аталган лицейде Кыргызстандын жети дубанынан келген эң мыкты жана таланттуу окуучулар билим алып жатканын белгиледи.

“Кайсы доорду албайлы, таалим-тарбия, билим аркылуу гана коомдо өнүгүү болгондугу, билим аркылуу гана ири ийгиликтер жаралгандыгы белгилүү”, — деди ал.

Ошондой эле Айгүл Жапарова бүтүрүүчүлөргө келечектеги окуу жана эмгек жолунда ийгиликтерди каалап, бийик максаттарды багындырууга үндөдү.

Последние новости