www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы шайлоо участкаларынын 83 пайызы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин шартына карап пандустар менен жабдылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-январда президенттик шайлоону жана референдумду өткөрүүнүн алкагында ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын керектөө картасы жаңыланып, шарттар түзүлүп жатат.

Белгилей кетсек, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо шайлоо участкаларынын үчтөн бирине гана пандус орнотулган болчу.

Ал эми өткөн жылдын февраль айында пандустар менен жабдылган шайлоо участкалары 43 пайызга, августта 65 пайызга, сентябрда 79 пайызга, ал эми декабрда 83,4 пайызга жеткени белгиленди.

Ошондой эле, 185 участкада пандуска муктаждык жок. Ал эми 215 шайлоо участогунда атайын жабдуу орнотула элек, учурда добуш берүүчү жайда шарт түзүү жумуштары уланууда.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости