www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги коомдук ишмер Мурат Жетимишбаевге кайрылып, КСДП коротту деген каражат боюнча  оюн билдик.

-Президенттик шайлоодогу КСДП короткон каражаттардын тизмеси, Исаковдун адвокаты аркылуу соцтармактарга жарыяланган эле. Аны Фарид Ниязов да туура деп бышыктаптыр. Бул жерде президентти ала жыгылуу оюну жүрүп жатабы же чындык ачыкка чыктыбы?

-Чын десе анда Фарид мырза өзү барын “устукандап”, чечмелеп бериши абзел. Ошондуктан, Токтакунов, азыр жөн эле бир “түшүнүксүз тизмени жарыялады”,- деп айтсак туура эле болот. Бул “фейковый” документ дегендерге дагы толук кошулам.

Эми көп сөздү бөлбөй, тиги чуулгандуу тизмедеги мени таңкалдырган, бир эки фактыга кайрылып көрөлү. Мен өзүм Жети-Өгүз районунан болгондуктан, өзүмдөн баштайын.

Тиги шилтеме боюнча, Жети-Өгүз районундагы үгүт иштерин уюштуруу үчүн кана, 1-транш менен 2017- жылдын 5-сентябрда 1,726,795 (бир миллион жети жүз жыйырма алты миң жети жүз токсон беш) сом, 2-транш менен 27-сентябрьда 1,432,695 (бир миллион төрт жүз отуз эки мин алты жүз токсон беш) мин сом, андан кийин, бат эле эки күндөн кийин 29-сентябрда 10,000,000 (он миллион) сом алынса, 3-транш менен 10-октябрда дагы 1,666,110 (бир миллион алты жүз алтымыш алты мин жүз он) сом: бардыгы болуп, 16,491,710 (он алты миллион төрт жүз токсон бир миң жети жүз он) сом каржыланыптыр! (мындан тышкары районго рекламный шиттер үчүн 56,000 (элүү алты) миң сом берилген)

Эми менин айтаарым ушул, асман чапчыган каражаттардын бардыгы Жети-Өгүз району боюнча үгүт иштерине жумшалды дегенге, мурдумду кесип берейин, бир дагы Жети-Өгүздүк адам ишенбейт! Бул караандай калп, же болбосо ал акча каржыланса дагы, алкымы жаман бир эргул алып, ап дедиртип койгон! Кошумча айта кете турган дагы бир орчундуу жагдай, ал шайлоодо КСДП чынын айтканда Жети-Өгүз району боюнча абдан катуу “ПРОВАЛ” болгон. Кана анда 16 жарым миллион кайда кеткен?.. Жооп жок!

Дагы бир факт; - тизмедеги 534 катар номер менен 28-октябрда инкогнито СТ деген “фейк” аркылуу “Өнүгүү-Прогресс”, делинип 7,890,000 (жети миллион сегиз жүз токсон) миң сом каржыланыптыр. Билбейм бул каражаттар кайда кетти? Ким кандай экендигин билбейм бирок, мен өзүм, ошол кездеги “Өнүгүү-Прогресстин” к ашканасын жакшы билген катары азыр эч нерсе түшүнө албай башым маң болуп турат. Балким “Өнүгүү” лидери Бакыт Эргешович билээр! Кандай болгондо дагы, ошол кездеги мени сыздаткан “прослушкага” деле мынча каражат кетпейт эле го дейм да...!

Негизи, бул тизме бир экөө отуруп алып эле, “а баягы эсиңдеби, тигиге тигинче, баланчага баланча”,- деп жазып коелу ээ",- дешип эле жазып коюшкандай. Даталарын карап туруп бул финансалык документ, деп айтканга  жарабайт.

Себеби тизмеде катар номер сакталган менен, даталар чалды куйду. Ай, күнү, баш аламан “винегрет” болуп калган. Мөөр-печать, алдым-бердимдин кол тамгалары  такыр жок! Анан муну “фейк” дебегенде эмне дейбиз билбейм?
Иши кылып билбейм бирөө “ көйнөгүңдү көтөрсөм көп нерселер көрүнөт”,- деп айткандай бу КСДП партиясы өз көйнөгүнүн этегин өзү ачып, өз абийирин өзү төгүп, кимден өч алганы жатканын түшүнбөйм!

Чынында, мурун эле “кокуй” эле, эми чындап “алат” болуп жатышат окшойт...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости