www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлмира Шакирова дары-дармек департаментине келгени, ал мекеме интриганын очогуна айланды. Мыкты адистер четке сүрулүп, кадр саясаты жалаң өң тааныш, урук тууган, жээрдешчилик менен жүргүзүлө баштады. Коррупция менен контрабанданын күчөгөнүн мындай кой, парламентке тыңгылыктуу мыйзамдар барбай калды.
Себеби, экономист Шакирова фармацевтика тармагын таптакыр түшүнбөй, департаменттин чалмакейин чалып таштады. Ал эми иштей турган фармацевтерди көчөгө чыгарып таштады. Маселен, кечээ жакында саламаттыкты сактоо министри жоктугунан пайдаланып, статс-катчы
эки орун басарын кызматтан айдады. Экөө тең фармацевтика тармагынын мыкты адистери, келечеги кенен кадрлар деп эеептелчү. Шакирова түшүнбөгөндү, ал таптакыр колунан келбеген ишти мына ушул экөө жазачу.
Шакированын кесиби бухгалтер, ал эми министрликтин стаст катчысы Шадыхановдуку куруучу. Мынакей, кадр саясатындагы катачылыктын айынан саламаттыкты сактоо тармагы бухгалтер менен куруучунун тебелендисинде калды.
Булардын (министрдин кесиби фармацевт) фармацевдерге жазаган жортуулу менен чабуулу акыры министрге барып такалбаса болду. «Өрдөк жокто чулдук бий» болуп, статс катчы Шадыханов экөөнүн кылган интригасы кызматка, урук-тууганды жыйноо деген саясатпы?
Ии,баса орун басарларын ордуларынан кубалаган Шакирова алардын креслолоруна кимди олтургузаары белгилүү болду. Бирөө мурда ушул мекемеде орун басарлыкты аркалап, бирок өзгөчө себептер менен кызматтан алынган кадр экен.
Алгылыктуу иши көрүнбөгөндүктүн, кайсыл бир НПО аркылуу анда-саңда кыйкырып чыга калмайы бар болчу дешет. Эмнеси болсо да, булардын былыгын Башкы прокуратура кылдат иликтейт деген изги тилектебиз. Департаменттеги чыңалган абалга журналисттик иликтөө жүргүзүүгө да мезгил келип жетти.
Булак: "Ачык саясат"