www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ жакында эле, (өткөн аптада) Кыргыз өкмөтүнүн кол башчысы кезектеги жыйынын өткөрүп жалаң цифраларды айтуу менен баарыбызды «тамшандырды». Анда Мухаммедкалый Абылгазиев: «Биз өнүгүүгө кете турган бюджетти алып баратабыз. Баары сонун болот» деди. Ох!!!. Кечээ Парламенттин жалпы олтурумунда ошол бюджет маселеси талкууланып жатканда да ушундай эле маанидеги кебин айтып атты…

Ал эми Кубакы белинин ары жагын­дагы Абылгазиевдин жердештери анын өкмөтү айыл чарбасын түзүктөп жол­го кое албагандыгынын кесепетинен «картошканын баасы төмөн түшүп, 1 киллограм картошканы 5-6 сомго да са­та албай банкрот болуп жатабыз» – деп ыйлап жатышат. Абылгазиев тигин­тип «болжолдуу кургак цифра» ме­нен курсак тойгузганча убагында реалдуу иш жасаса жердештери балким банкротко кириптер болбойт беле? Дый­кандардын мындай абалда калганына Айыл чарбасын тейлеп атат деген ми­нистр Мурашевинин мурду кыйшайган да, бети кызарган да жок. Түштөн кий­ин, качан гана эл чурулдап чыкканда «ойгонуп» «картөшкөнү Өзбекстан ала баштады» деп чыкты. Ошо менен бүттү. Айлананы тигинтип ак кар басты. Ал чоң муштум министр сөрөйгө кетирилген каталары үчүн эч кандай чара да колдо­нулган жок… (Кайсы бир телекөрсөтүүдө ошол эле айыл чарбасын тейлегендердин бири «болчусун болтуруп алып» энесин коркуткан кыздай болуп күнөө дыйкан­дардын өзүндө деп атат)

Экономика министри О. Панкратову Мурашевден өткөн кургур экен. Аны­сы да каратып туруп « экономикабыз өсүүнүн жолунда» дегенден башканы айтпайт. Сыртта реалдуу турмуш такыр башкача болуп баратканын айтпайт. Ку­лагына наушникти тыгып алып андай­ды укмаксан. Эл аралык миграция ин­декси көрсөткөн цифралар туурасында үн катпайт. Ушу тапта Россияда жүргөн 1 миллионго жакын эмгек мигрантта­ры жөнөтүп жаткан акча менен абий­рлери жабылып жатканы жөнүндө үн­дөбөйт, өзүнчө эле «партизан»… Макул эле дегибиз келет, бирок, Абылгазиевдин өкмөтү «экономика өсүп жатат» дегени менен, анын үзүрүн көпчүлүктү түзгөн карапайым эл көрбөй жатпайбы? Бир эле кичинекей мисал, буга чейин кило­су 200-250 сомдун тегерегинде болуп келген чесноктун баасы 25-50 сом болуп калды го? Мындай деги эле болгон эмес. Анткени Бажы союзуна кирген башка өл­көлөрдүн өкмөтү өз товарларын жанта­лашып экспорттоп жатышат.Алардын то­варлары Кыргызстанга эч тоскоолдуксуз шаркыраган бойдон кирип жатат, алар­дын ошол эле чесноктору жана башкала­ры. А биздикилерчи? Элдин убал-сооб­унан корксоңор боло деген бирөө жок, баары сүйлөшүп алышкансып «өсүп ба­ратабыздан» башканы айтпайт.

Анан да Абылгазиевдин өкмөтү жай бүтүп күз келгенден бери болуп өткөн жыйындарында эсептеп эле атышат, эсептеп эле атышат, азыркыга чейин эсептешип бүтө албай да коюшту. Өкмөт башчы өзү да жини келип кетти окшойт бир учурда ошол «эсептегичтерине» сө­гүш, катуу сөгүш да жарыялап жиберди. (Кантсин, калыстык кылып айтсак Абыл­газиевдин нерви деле темир эмес да.) Анан калса дал ошол эсеп тармагы бо­юнча бакыйган вице-премьер-министри, финансы министри анан экономика министри деген килейген «эсептегичтер­дин армиясы» мамлекеттин казына­сынан олчойгон маяна алып, бирок так эсепти жүргүзө албай жатышса, тигин­тишип. Эгер өткөн чак менен салыштыр­сак, азыркы аталган «эсептегичтердин» кылган ишин 1990-жылга чейин респу­бликанын 2 облусунун эле финансы бөлүмдөрүнүн бухгалтерлери эсептеп коюшчу. Анан да ал учурда азыркыдай компьютер, ноутбук, планшет дегендер кайда, жыгачтан жасалган чот менен эле санагын чыгарып коюшчу эле го? (Андай экенин Абылгазиеви деле, азы­ркы ажо Жээнбеков деле билет.) Азыр өкмөттө ал кездегидей түйшүк жок десек деле болот. Ал кезде өлкөдөгү сандаган завод, фабрика, комбинаттарды жана башка өндүрүштөрдү, тейлөө жай­ларын, башка жаныбарларды ал­баганда да ошол кездеги 10 мил­лиондон ашык койдун төлүн, жүнүн, этин, аларга тоют кам­доо түйшүктөрүн бүгүнкүлөр тартышкан жок да? Тек, азыр өкмөт ал кез менен салышты­рмалуу айтканда эки област­тын киреше-чыгашасын эсептеп жаткан «бухгалтерлер». Анда эмнеге премьер-министр, вице–премьер-ми­нистр, экономика министри, финансы министри деген килейген армияны ба­гып жатабыз? Азыркы өкмөттүн аткар­ган функциясын ошол эски аталышта айтканда буларың – облфинотдел!…

Ата-бабалардан калган таамай ай­тылган мындай сөз бар «койчу көп бол­со койлор арам өлөт» деген. Андыктан, акча эсептөөдөн мурда өкмөттүн кол башчысы ошол «койчуларын» жакшы­лап «алас-алас» деп аластап, Констиу­цияда көрсөтүлгөн өзүнүн статусун эч коркпой-этпей пайдаланып, чапчусун чаап, айдачусун айдап, (кол бала боло бербей?) чыныгы мыкты кадрларды ка­мырдан кыл суургандай таап, мамлекет­тин чындап эле өнүгүүсү үчүн жол издеш керек го дейбиз. А балким эртең Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев мырзабыз айткандай кокус «баары сонун» бол­бой калса, отурган креслосунан ириде өзү ыргып кетиши мүмкүн, «Советский шампанскийдин» пробкасындай болуп. Андан да жаманы, Панкратов, Касыма­лиев же экономикалык блокту тейле­ген Аскаров же андан да аркысы болгон Бороновдун аты эл оозунда айтылбайт. Аларың дагы бир эшикти таап, дагы баш­ка креслолордо олтуруп калышы толук мүмкүн? Ал эми эл оозунда «Абылгази­евдин өкмөтү» деген сөз калат, жаман ат менен… А жаманатты болуу суурулган кылычтан да коркунучтуу…

Нурдин Асанов

Булак: "Айгай-пресс"

Последние новости