www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте мурунку "Фламинго" паркынын ордуна заманбап конгресс-холл менен 8 конок үйү курулууда. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Каныбек Туманбаевдин айтымында, мурда 99 жылга ижарага берилген жердин ордуна азыр заманбап конгресс-хол салынууда. Бул жер мурда ижарага берилгенден кийин 24 жылдын ичинде келишимде белгиленген бир да иш аткарылган эмес.

"Тескерисинче, курулуштар пайдаланууга жараксыз болуп, урап калуу коркунучу жаралган. Ошондой эле эч кандай ыңгайлуу шарттар түзүлгөн эмес. Мындай жагдайда бул аймактын кайрадан жаңыланып, колдонууга берилиши абдан маанилүү", - деди ал.

Белгиленгендей, жаңы курулуп жаткан конгресс-холлдун айланасында эс алуу аянтчалары, аллеялар пайда болуп, маданий иш-чараларды өткөрүүгө шарттар түзүлөт.

Жалпысынан алганда, курулуштун жүрүшү өлкөдөгү инфраструктуранын заманбап талаптарга жооп берип, борбор калаанын жаңылануусундагы маанилүү кадам болуп калат.

Последние новости