www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковду арыздын негизинде мандатынан ажыратты. Исаков мандатын тапшыруу боюнча БШКга арызды 24-декабрда жазган. Партиядагы тизме боюнча кийинки кезекте турган Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов да мандаттан баш тарткан. Депутаттык мандат кезекте турган Өмүрбек Бакировго берилди.
Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган.
Прокуратура тараткан маалымат боюнча, ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура кызматынын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп алып айыл чарба багытындагы 14,34 гектар жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген.
Тергөөдө жарандар жер тилкелерин 1500-3000 доллардан сатып алышканын билдиришкен. Исаков менен кошо дагы сегиз адамга кылмыш иши ачылып, ишти Сузак райондук соту карап жатат. Сот бүгүн, 26-декабрда уланат.
Булак: NazarNews.kg