www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26 жылкы музга тоңуп калган

Казакстандын Павлодар облустунда 4-декабрда чарбалардын биринин башчысы Аккулу райондук милициясына Казы айылынан он чакырым алыстыктагы жайлоодон 26 жылкыны белгисиз адамдар уурдап кеткендиги боюнча билдирүү келип түшкөн.

Бир нече күндөн бери кожоюн жоголгон жаныбарды өз алдынча табууга аракет кылып, бирок таппай койгондо полицияга кайрылган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалымаатка ылайык, бул факты боюнча, милиция кызматкерлери район менен чектеш аймактарга жөнөтүлгөн. Бир нече мобилдик топторго бөлүнүп, полиция кызматкерлери жакын жердеги бардык жайларды жана жайыттарды кылдаттык менен карап чыгып, жаныбарларды издешкен.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында 6-декабрда Казы айылынан 15 км алыстыктагы Бүрли көлүнөн тоңуп калган 26 жылкы табылган.

Милиция кызматкерлери айыл тургундарын сак болуп, малдарды кароосуз калтырбоону эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости