www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамдуулукту калыбына келтиргиле! Жогорку Кеңешке жарандык кайрылуу

Урматтуу Жогорку Кеңешинин депутаттары! Биз сиздердин ар бириңизге Конституцияны жана жарандардын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин ачык түрдө бузууга жол берилбей тургандыгы тууралуу жарандык билдирүүнү жеткирүбүз келет. Бейөкмөт уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана журналсттердин конституциялык укуктарын калыбына келтиргиле!

Биз, жарандар, жалгыз калып, мурда болуп көрбөгөн кыйынчылыктар жана коркунучтар менен жалгыз күрөшүүгө мажбур болгон пандемиянын сабактарын унуткан жокпуз, Баткен облусундагы чек ара жаңжалдарынын учурунда жана андан кийин да жапа чеккендер менен бирге болгонбуз.

Биз дагы деле коркунучтуу жана кырсык болгон аймактарда жашаган адамдар менен биргебиз, 92 уран калдыктарын сактоочу жайдын кесепеттери үчүн системалуу жазасыздыкка каршы күрөштү улантуудабыз, анткени Майлуу Суу дүйнөдөгү эң кооптуу 10 жердин катарына кирип отурат.

Биз экологиялык коопсуздук үчүн жана башталышы Кумтөр алтын кенинде алтын казылган жерде жаткан Нарын дарыясынын суусунун сапаты үчүн тынчсызданабыз.

Биз Туруктуу өнүгүү максаттарын илгерилетүү жана ишке ашыруу боюнча өнөктөштүккө катышуу менен, 100дөн ашуун этностук топтор жашаган Кыргыз Республикасында жакырчылык жана дискриминация менен күрөшүүдөбүз. Биз Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактайбыз, биз Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү, бардык эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатындагы реформаларды илгерилетип жана ишке ашырып келе жатабыз.

Өлкөдө эң аярлуу катмарга аялдар менен балдар киргенин, анын ичинде стихиялуу миграциянын үй-бүлөлөргө тийгизген таасиринин масштабын эске алганда, андай катмарлар сот адилеттигине жете албай жаткандыктан, дал ошол аялдар менен балдар эки эселеп азап чегип жаткандыгын сиздер жакшы билесиздер.

Биз сиздерден Конституцияны бузбоону, коомдук жана бейөкмөт уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы антиконституциялык мыйзам долбоорлорун артка чакыртып алууну суранабыз. Биз сиздерди конституциялык чекке кайтып келип, реформаларды алга жылдыруу, кризистик кырдаалдардын жана жаңы тобокелчиликтердин шартында социалдык жактан маанилүү маселелерди чечүү үчүн коомдук–мамлекеттик бирикмелер менен өнөктөштүктү баштоого чакырабыз.

Биз Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети менен жолугушуу уюштурууну сурайбыз.

Биз баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө жана Конституцияны системалуу түрдө бузуу фактыларына прокурордук акт түзүү өтүнүчү менен кайрылабыз.

«Бир дүйнө – Кыргызстан» укуктук кыймылы, Бишкек, 26-июнь, 2023-ж.

Последние новости