www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда мамлекеттер аралык байланыштын учурдагы абалы тууралуу сөз болуп, бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кыргызстан Казакстан менен калыптанган алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеген төрага Нурланбек Шакиев байланыштарды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экендигин кошумчалады. Муну менен катар экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз кылып, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүү планын жакынкы аралыкта ишке ашыруу маселесине токтолду.
"Биз жөн гана стратегиялык өнөктөш өлкө эмес, эзелтен эриш-аркак жашаган, боордош мамлекетпиз. Андыктан, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырып, кызматташтыгыбызды улантышыбыз керек.
Андан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө да кеп кылып: «Өткөн жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү жогорку деңгээлде өткөрүлүп, каада-салт, үрп-адаты окшош эки элдин маданий алакасы дагы бир тепкичке көтөрүлдү. Ушундай иш-чаралардын байма-бай уюштурулушу эки өлкө ортосундагы достук, бир туугандык мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишеничтемин", - дейт төрага.
Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки мамлекет ортосунда алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, бардык маселе сүйлөшүүлөрдүн негизинде ыкчам чечилип жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg