www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы органынын кызматкери укук бузуу фактысы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан "А" ишкердик субъектисине карата бажы декларациясын берүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн ар бир учур боюнча 5 000 сом өлчөмүндө айып салуу жөнүндө 19 токтом чыгарылгандыгы аныкталды.

Аталган токтомдор мыйзамда белгиленген жаза чарасын колдонуунун эскирүү мөөнөтү өткөндөн кийин чыгарылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерине карата укук бузуу боюнча өндүрүш иши козголуп, соттун чечими менен ал 10 миң сом өлчөмүндө айыпка тартылып, мыйзамсыз чыгарылган 19 токтом жокко чыгарылды.

Последние новости