www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парник газдарынан улам деңиз деңгээлинин жогорулашы дүйнө жүзү боюнча жээктеги шаарларды жок кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Канаданын Макгилл университетинин окумуштууларынын изилдөөсүндө айтылган.
"Келечекте деңиз деңгээли көтөрүлүп, жээктеги шаарлар акырындык менен суу алдында калары күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Окумуштуулардын тыянагы боюнча, Африканын, Түштүк-Чыгыш Азия, Түштүк жана Борбордук Американын жээктеги шаарларындагы курулуштар суу каптоо коркунучу жогору болгон аймактарга кирет. Мында деңиз деңгээли 2100-жылга чейин 20 метрге көтөрүлсө изилдөө жүргүзүлгөн аймактагы 840 миллион имараттын 136 миллиону жабыркайт. Курулуштардын көбү калк жыш жайгашкан ойдуң жерлерде болгондуктан порттор, инфраструктура жана маданий мурастар да жабыркашы мүмкүн экени айтылды.
"Климаттын өзгөрүшү жана деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү океандын жанында жашаган-жашабаганыбызга карабастан баарыбызга таасир этет", — деди университеттин профессору.
Изилдөөнүн авторлору бул эсептөөлөр архитекторлор, пландоочулар жана куруучулар үчүн маанилүү маалымат экенин белгилешкен.