www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки сүйлөгөндөн жаа бою кач, деген накыл кептин чындыкка канчалык жакын экендигин АША назариятта тастыктап жаткан кези. 2011-жылдын 29-декабрында ал өзүнүн эң алгачкы пресс-конференциясында “Кала берсе президент да эгер коррупционер болсо түрмөгө камалат” деп узун элдин учуна жеткире айтып, үстөлдү атуу муштагылап алган жайы бар.Мына ошол сөзү өзүнүн башына муш болуп тийгени калганда, андан караманча танып, мыйзам дегенди уруп ойнобой тетири заара ушатып, гитарасын зыңылдатып “жинди” болуп жаткан кези.
Сырттан сереп салып, бийликтин бу багыттагы кадамдары эски ыкмада жүрүп жатканын аңдоого болот. Бирок мыйзам дегендин дайыма мыйзамдыгын эске алганда, аны аткарбоо менен бийлик өзүн орго түртүп жаткан жери жокпу деген ойго жетеленесиң.Ал ортодо президент Швейцариядан кайтып жатып Маскөөгө токтоп, президент Путинге жолуга калганы да бир топ “өрдөктөрдүн” учуп чыгуусуна шарт түзгөнсүдү. Кайра тарбиялап алам дегендей кеби менен Путиндин АШАны Маскөөгө апкелиши тууралуу жомоктор токулуп да кетти. Ошондо жанагы “оңго барса да, солго барса да ат өлөт” дегендей болуп... “пат” абал жаралып калган жери жокпу. Анткени, эгерде Путиндин бир кеби менен АШАны сыртка чыгарып жиберсе да, биерде аны тайраңдатып, билгенин жасата берсе да... ташты баш менен урсаң да, башты таш менен урсаң да башка оор болот да калат. Эмне кылуу керек? Соболдун соболу.
Албетте, мыйзамдын талаасынан чыкпай, ошонун сөзү менен гана аракет кылуу зарыл. Башка жол жок. Суракка келбей, Телибай тентек боло берсе, күч менен алып келип, колуна кишен салып отургузчу жерге отургузуп койуу зарыл. Мындай окуя 2010-жылдын 6-апрелинде болгон. Атайын кызматты башчысы А.Жолдошалиевдин ар–намысына ойноп, керек болсо энесинин Үч-Коргонун көрсөтөрүн сайрап турган. Кийин чынында эле айтканын жасап, төңкөрүштөн кийин аянттагы өлүмдү мойнуна илип аны каматып тынган.
Бүгүнкү кырдаал бираз башкачараак. Шол мезгилде АША мынчалык бай болуп, хан сарайда жашаган эмес. Бул бир. Экинчиден, Кой-Таштагы сарайы технологиянын акыркы сөзү менен камсыздалып, анда баары тыкыр каралган.Кирип баруу да оңой-олтоң жумуш эмес. Бирок жанагы “Элдик штаб” дегени, ачык эле айталы, эч кандай деле “жандуу тосмо” эмес. ОМОНдун башы көрүнгөндө туш тарапка качып кетчүлөр болгону. Атышам дегени да жөн эле ормон опуза. Суу жүрөк эч качан мындай кадамга бара албайт. Жан ширин, ширин....
Анда тергөөчүлөр Кой-Ташка келишип, ушерден сурак жүргүзүшөбү? Мүмкүн. Бирок мындай варианттан эч кандай майнап чыкпайт, күч түзүмдөрү мындай “пастыкка” бара алышпайт. Бу ченде АШАнын Слесарев деген жактоочусу Конспалатага, ИИМге үстөккө-босток арыз менен кайрылып, мыйзамды слесардык көз карашы менен окуп, элдин баарын, анын ичинде юристтерди дагы, көк мээ деп эсептеп келет. Мыйзамдын артка иштебеши тууралуу жомогун токуп алып, парламенттин чечимин коко тыйынга турбаганын жар кылышат.
Акчанын күчүн.... Слесаревдун слесардык ой жүгүртүүсүндө да мандем бар. Убакытты канчалык созо берсе, каран түн ошончолук алыстай бермекчи да. Жанагы же эшек өлөт, же хан өлөт дегендей эле кеп.
Ал ортодо дагы бир “акылманы” шыбырай койгон го, АША “коштошуу кечесин” да өткөрүп ийгенге үлгүрдү. Музыканттарды чакырып, бийлеп...ырдап...
Бирок АША бир нерсени таптакыр түшүнгүсү келбей жатканы кызык. Же түшүнүп туруп атайылап жатабы? Анткени, бүгүнкү жарга такалууну АША өзү ойлоп чыгарды жана ал өзүн өзү бурчка мыктай кадап салды. Жаамы журт АШАдан чарчаганын, жадаганын... деле моюнга албаганы да кызык.
АША өзү миң ирет кайталап” тарых баарын өз жайына койот” айтканына да баа бербей, балптарды балпылдатып жатканы түрмөдөн арыраак алып кетпестен, кайрадан ичине киргизип эле салат. Эгерде акылы жетик болгондо, мындай “акмакчылык” кадамдардын ордуна кыргыз элинен кечирим суроонун жол-жобосун акылга салып таразалап чыкмак.
Жок, тетирисинче, ал деген “ мен деген жыргализмди” курдум деп апенди болуп жатпайбы кашайып. Көрсө карыздан карызга батууну, башка бир өлкөгө көз каранды болууну АША “жыргализм” деп түшүнгөнүн эми билип жатпайбызбы. АШАнын башкаруусу менен Кыргызстан кантип жарга такалганы тууралуу сериал тартса, жазса болчудай. Фактылар миллиондоп туру.
Эң кызыгы, 2016-жылдын декабрь айында АША “ жасаган иштерим үчүн жооп берүүгө дайыма даярмын” деп ырасмий айтканы бар. Мына ошол күн келди. Эми эркек болсоң, мыйзамдын алдында өзүңү актап көр же анын камчысына биротоло сабал... Бирок анын эркектигине көз деле жетпей калды. Демек, баягы эле ОМОН.... башка жол жок.
Анаркан Чолпонова, Кабаринфо