www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Учкун» басмаканасынын директору Даир Кенекеев басылма аттестаттарды «окончил среднюю реднюю школу» деген ката жазуусу менен бастырганын мойнуна алды. Ал муну «адамдык фактор» деп атап, өзү жоопкерчиликтен качты. Кенекеев:
«Мындай ката жазылган аттестаттардын саны болгону 24, алардын баары Нарын облусундагы Туз айылынын мектеп окуучуларына берилген. Ар бир документ билим беруү министрлиги менен макулдашылат, ал "среднюю реднюю" деп жаза алмак эмес. Бул биздин ката жана муну мойнубузга алабыз»- деди.
Директор бул ката үчүн документтерди жекелештирүү бөлүмүнүн башчысын кызматтан алган. Ал эми башка аттестаттардагы «жөнүндөгү» деген сөздөгү «Н» тамгасын «Ң» деп алмаштырып жазылган катаны басма кетирбегенин айтып, безилдеген.
Анын айтымында ал министрлик менен макулдашылган экен. "Ң" катасы үчүн басмакананын үч корректору кызматынан бошотулуп, үч кызматкери иштин ички регламентин бузгандыгы үчүн жазаланган.
Эске сала кетсек, 61 миң аттестат ката жазылган. Эгер ата - энелер ал боюнча арыз жазышса, "Учкун" ишканасы министрлик менен биргелешип, кайрадан бастырып беришет. Бул иш боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат, - деп жазат "Багыт.kg" гезити.
Булак: NazarNews.kg