www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медал тагынды.

Кыргызстандын атынан бул күнү Назира Марсбек кызы (59 кг.) жана Мээрим Жуманазарова (68 кг.) килемге чыгып, экөө тең финалдык таймашка чейин жетти. 68 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Жуманазарова алгач чейрек финалда таиланддык Йаринда Эйрлангды 10:0, жарым финалда кытайлык Цинг Лини 8:1 эсебинде жеңди.

Алтын байге үчүн болгон финалдык таймашта жапониялык Рин Мияжини 8:6 эсебинде жеңилүүгө дуушар кылып, Азия чемпиону аталды. 59 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан Назира Марсбек кызы вьетнамдык Анх Туйет Транды 10:0, кытайлык Жуомалага Жуомалаганы 7:1 эсебинде жеңип алды.

Чечүүчү таймашта индиялык Аншу Аншуга жеңилип (0:10), күмүш байге тагынды. Жуманазарова ушуну менен үчүнчү жолу жаштар арасында Азия чемпиону аталууда. Ал чоңдор арасындагы Азия чемпионатында дагы күч сынашып, эки жыл катары менен коло байгени алган. Ал эми грек - рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргыз балбандарынан Акылбек Талантбеков (77 кг.) жана Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш байгенин ээси болгон, - деп "Багыт.kg" гезити коомчулукка пикирин жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости