www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз бир жыл иштеген парламент каникулга шаша тарап кетишти. Эл эмне болсо,ошол болсун, ЖКдагы айлыгын алышып, ойлору чет мамлекетте сайрандоо. Айтмакчы, сөз эркиндиги Атамбаевдин убагында түгөнүп бараткан. Анткени, ал журналисттер баш көтөрсө эле миллиондор менен жалпайта чаап, үйүн конфискациялоого өтчү. Бирок аны мыйзамдар көтөрө алышчу эмес. Ошондуктан четинен мыйзамдарды оңдоп келаткан. Кесиптешибиз Дайырбек Орунбеков ар кимден кайыр-садага тыйын чогултуп 2 миллион сомду какшык катары чогултуп берген. Ага окшогон журналисттерге каршы мыйзамдар авторитардык режимге жетелеп бараткан.

Каникулга тарап кетип бараткан парламентте атамбаевчил Гүлшат Асылбаеванын чырлуу мыйзамы колдоо тапкан жок. Парламент “Жалган жана ишенимсиз маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган жок. Мындай чечим парламенттин жыйынында кабыл алынды. 59 депутат макул добуш берсе, 38и каршы болду. Жалпы катттодон 97 депутат өткөн. Бирок депутат Бактыбек Райымкулов укпай калып, кнопканы туура эмес баскандыгын айтып чыкты.

«Чимкирик» депутаттар 78 добуш менен сөз эркиндигин кыскысы келип, Жээнбеков бул мыйзамга каршы болгон. Аксыда 7 кишини атып өлтүргөндө Шермамат Осмонов аким болуп турган, анын кызы «чимкирик» депутаттарга таянып  78 добуш менен сөз эркиндигин кыскысы келген, бирок ал мыйзамга ал кездеги президент каршы болуп койгон. Жаңы Конституцияда журналистерге зомбулук жасоо чарасы алынып салынган. Ошондой эле сөз эркиндигинин кепилдиги, жарандардын жеке маалыматтарын коргоо жана мектепке чейинки билим берүү кепилдигин камсыздоо мурдагыдан жакшыраак жазылган.Текебаевдин Конституциясын 10 жыл боюу же 2020-жылдын 1-сентябрына чейин өзгөрткөнгө болбойт эле. Бирок, мындай мыйзамды уруп ойнобогон президент Атамбаев 2016-жылы 16-декабрда Конституцияга өзгөртүү кийирет. Ал каршы чыккан журналисттерди жазалоо, камоо максатында азыркы Конституцияда жалган маалымат жазгандыгы үчүн адамды жазык жоопкерчилигине тартуу мүмкүндүгүн кийирген. Журналисттерди каралоо, камоо иштери кызуу ишке кирген. Албетте, мындай берене же журналисттерди камоо, эркин маалыматтардын оозун тыя алган жок. Ошол эле Конституциянын автору Өмүрбек Текебаев 7 жылга камакка алынып, аны колдогондор жоопкерчилик тарта баштаган. Мындай жазалоо ыкмасы жана кысым көрсөтүү менен эки колун байлап койгон күндө да журналисттер акыйкатты айтып турушту.

Жогорку Кеңештин комитетинде чуулуу "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору кайра карала турган болду. Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Долбоордо интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде кандайдыр бир сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо, өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат. Мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

2020-жылы 26-июнда депутаттар резонанс жараткан “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамды жактырышкан. Жарандык активисттер, жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар президент Сооронбай Жээнбековдон республикада сөз эркиндигине коркунуч келтирген мыйзам долбоорго вето коюуну талап кылышты. Бирок, Конституция боюнча, мамлекет башчы абсолюттук вето укугуна ээ эмес. Чырлуу мыйзам Жээнбеков тарабынан Жогорку Кеңешке кайрадан иштелип, толукталып чыгууга жиберилген. Маалыматка ылайык, документ өзүнүн аталышын өзгөртүп, «Жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору болуп ЖКнын кароосуна келген.

2020-жылы 3-сентябрда ал кездеги  өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамына карата каршы пикирге кол койгону маалым. Мыйзамга ылайык, өлкө башчынын мыйзам долбооруна карата каршы пикири кайрадан Жогорку Кеңеште каралышы боюнча сунуштоо берилген. 2020-жылы 25-июнда парламентте "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, ал колдоо тапкан. Долбоорго карата 79 депутат "макул" деп, 10 эл өкүлү "каршы" добуш берген. Аталган мыйзам коомчулук тарабынан терс кабыл алынып, бул сөз эркиндигине каршы келген мыйзам катары кабылданган.

Сөз эркиндиги Кыргызстанда барбы? Коммунизмдин моралдык кодексине ширелишкен социалисттик идеологиянын негизги таянычтарынын бири цензура болгон. Орус жандармеясынан айырмаланып, сталиндик режим убагында  акыйкатты айткандарды ГУЛАГ менен тарбияласа, кийин «психушкага» салып, же чет мамлекетке диссиндент катары айдап жиберген. Кыргыз ССРи СССРдин бир субьектиси катары цензурадан четте калган эмес.

1985-жылы Горбачев тарабынан келген кайра куруу сөз эркиндигине жол ачкан. Түбү ар бир республикада бирден президент шайланып, акыры  СССРдин жоголушуна алып келген. Борбордук Азия республикаларынын ичинен биринчилерден жулунуп демократияга кирген Кыргызстан 1990-жылы октябрда Акаевди президент шайлайт. Демократия менен келген Аскар Акаев сөз эркиндигине кысым жасай алмак эмес. Ал 1991-жылы, 1995-жылы эки ирет президентке шайланган соң 1993-жылы сөз эркиндигинин натыйжасында келген Кыргыз Республикасынын биринчи Башмыйзамына кол сала баштайт. 1997, 1998 жана 2003-жылдары Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү кийирип, сөз эркиндигине тайманбастык менен тийиштик кылып, «Асаба», «Республика» сыяктуу гезиттер бутага алынган, ошонун аркасы менен 2005-жылы мартта кубаланып кетүүгө дуушар болгон.

Роза Отунбаева кыска убакыттын ичинде сөз эркиндигин буйлалоого мүмкүн эмес эле. Атамбаевдин бийлиги сөз эркиндигине тушоо салууга абдан катуу аракет кылган. Кээ бир журналисттерге сот залы күнүмдүк иши катары сезилип калган, кээ бирөөлөргө миллиондогон акчалар салынып, кээ бирөөлөр камалып, чет мамлекетке качышып, эң запкы көргөн сөз эркиндиги муунтула башталган. Ага кошумча «уважаемая» Скрипкина журналисттердин төбөсүнө токмок менен урган мыйзамдарды иштеп чыгып, депутаттан чоң кызматка секирип кетсе, журналисттер «уйпаланган тоок» сымаал кала беришкен.  Күргүштөп кирген социалдык тармактар акыйкатты бетке айтып, калыстыкты кармап турган. Акыркы мезгилдерде Атамбаевдин сөз эркиндигине салган тескери көз карашы бир аз сээлдеп, журналисттер деле «желмогуз», «жаналгыч» эмес эле кадимкидей адамдар экени билине баштады. Мындай сөз эркиндигинен «Иттин уулу Байгара» да колдонушуп, бүгүн социалдык тармактар сөөк талашкан аренага айланып бараткандай. Илгери «Бөдөнө сойсо да касапчы сойсун» деген макал бар эле, ээсин карап үргөн кошоматчылардын «полигонуна» айланып бараткан сөз эркиндигин оң жолго салуунун убагы жетти.

Каникулга тарап кетип бараткан парламентте 2021-жылдын 30-июнунда Гүлшат Асылбаеванын чырлуу мыйзамы колдоо тапкан жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости