www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мырзакматов Мелис мекенин таштап Түркияга кетти

Кыргызстанда башаламандык болуп жатканда 2020-жылдын 6-октябрь түнүндө 6 жылдан соң Мекенине келип, элди тынчытууга салымын кошкон Мырзакматов Мелис мекенин таштап Түркияга кетти. Ош шаарынын Мырзакматовдон кийинки  мэри Айтмамат Кадырбаев Мырзакматовдон илинчек табыш үчүн эстакадалык көпүрөнүн курулушу боюнча мурунку мэрдин ишин сынга ала баштаган. «Атамекенчи» депутаттар Ош шаарына келип, анда алар Ош шаардык базардын аймагындагы, Ак-Буура дарыясы аркылуу курулуп жаткан көпүрөнүн негиздүүлүгү жөнүндө маселени карашкан.
Жыйынга Өмүрбек Текебаев жана фракциянын депутаттары, КР өкмөтүнөн, мамлекеттик мекемелелердин өкүлдөрү, Ош шаардык кеңештин депутаттары, фракциялардын лидерлери жана шаардагы мекеме ишканалардын өкүлдөрү катышкан.
«Навои көчөсүндөгү көпүрө маселеси боюнча жергиликтүү адистер менен кеңешип, бир чечимге келебиз. Өзүңүздөр билесиздер, Ош шаары өсүп жаткан шаар, территориясы мындан да кеңейип, 6 миң гектардан 72 миң гектарга чейин чоңойтулушу мүмкүн», - деген Өмүрбек Текебаев. Анын сөзү боюнча, Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнүн курулуш маселесин бир-эки айда жергиликтүү адистердин жана жергиликтүү бийлик менен кеңешкен соң өкмөткө сунуш киргизип, толук же кыскартылган вариантында курулат жана да Ош шаарынын мурунку мэрин негизсиз сындоонун кажети жок. 2020-жылдын 8-октябрында Жогорку сот Мырзакматов Мелистин эстакада боюнча кылмыш ишин токтоткон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости