www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Багдадда демонстранттар Швециянын Ирактагы элчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда, Reuters күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянуу менен билдирди. Булактын айтымында, Швециянын дипломатиялык миссиясынын кызматкерлеринен эч ким жабыркаган эмес.
One Baghdad Telegram каналы окуя болгон жерден тартылган кадрларды жарыялады, анда митингчилер элчиликтин аймагында баш-аламандык уюштуруп, Швециянын гербин жулуп салышкан.
Демонстрациялар Швеция Ирактын элчилигинин жанында Куран жана аталган өлкөнүн улуттук желеги өрттөлгөн иш-чарага уруксат бергенден кийин башталганы белгиленди.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын башынан бери Швецияда Куранды өрттөө акциялары көбөйдү. Ушул жылы эле мусулмандар ыйык деп эсептеген Куран китеби эки жолу өрттөлдү.
Булак: NazarNews.kg