www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чыныбай Акунович, кыргыздын каада салтында төө чечмей деген бар болсо, анда элге үлгү көрсөтүңүз! Аялыңызды, кызыңызды, келиниңизди, эже-карындашыңызды жылаңачтап, өзүңүздүн башыңыздын сүрөтүн тартып, резинка менен белине байлап, астына уяттуу жерине коюп бериңиз? Көкүрөгүнө апжеңиздин айтканын жасап, "БУЛ ИКУССТВО, ТҮШҮНБӨЙСҮҢӨР!" - деп, жазып, үй-бүлөңүздүн аялзаттарынын мойнуна илип, көкүрөгүнө коюп бериңиз?

Өзүңүз алдыңызга бака жалбырактан тосуп алып, ээрчитип, апчеңиз коюп берген ЖАРЫМ АЙЫЛ БИШКЕКТИ түрө кыдырып, үлгү көрсөтүп, апжеңиздин демилгесин жайылтып чыгыңыз? Сиз деген Нарындан, 10 бир тууган үй-бүлөдөн, айылдан эмес, апчеңиз экөөңөр, жарым айыл Бишкектен туулган, элита, ИСКУССТВОНУ ЖЫЛАҢАЧТАР МЕНЕН ТААНЫГАН, АМЕРИКАДАН СУГАРЫЛГАН ӨЗГӨЧӨ ЖАНСЫҢАР! Анткени, сиз ЭЛ ӨКҮЛҮСҮЗ. Сизден үлгү алышсын!

Өлбөгөн төрт шыйрагыңар калганы аз келгенсип, жылаңачтарды колдоп, кыргызга жабыштырып, чыккан бетиңер эле куруп калсын. Эсил силерге берилген, элдин мандаты! Кудайдын гана жазасы көзүңөргө сайылбаса, түгөп, түтөп, бүтүпсүңөр! Бетсиздер! Айнып калыпсыңар кешиктеш болуп жүрүп. Эх, онтологон кесепетилер! Улуттун каада салтын Чыныбай Турсунбеков жакшы билет экен, эртең талап кылалы! Бала-чакасы менен көрсөтүп берсин ТӨӨ ЧЕЧМЕЙ КАНДАЙ БОЛГОНДУГУН. Музей коомдук жай, чоң атаңардын тою музейде өтүп жатыптырбы!?

Надира Нарматова, ЖК мурдагы депутаты, коомдук ишмер

Булак:NazarNews.kg

Последние новости