www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте уурулук кылганга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан билдирди

Маалыматка караганда, 26-августта Ленин РИИБге Арча-Бешик жаңы конушунун тургуну үйүнөн электрошокер жана 4 миң сом акчасын алып чыгып кетишкенин айтып арыз менен кайрылган. 

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектелип 2001-жылы туулган Ж.Б. жана 2000-жылы туулган Ж.М. кармалды.

Учурда  кошумча тергөө аракеттерин жана ыкчам иш-чаранын алкагында сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости