www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Дүйнөдө 4миңге жакын улут болсо, анын 195инин гана өз мекени, өз мамлекети бар. Бактыбыз бар экен, биз – кыргыздар да алардын катарына киребиз”

Бул тууралуу депутат Махабат Мавлянова бүгүн, 5-декабрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында учурда чуу болуп жаткан музейдеги жылаңач аялдар, анда илинген ич ийимдер, Роза Отунбаеванын "шаардыктар, айылдыктар" деп бөлгөн сөздөрү тууралуу баяндама жасап жатып билдирди.

- Дүйнөдө канча улут бар экени тууралуу так маалымат жок, бирок айрым илимий изилдөөлөрдө дүйнө жүзү боюнча 3 миңден 4 миңге чейинки санда улут жашайт. Бирок, алардын ичинен болгону 195 гана улуттун өз мекени, мамлекети бар. Бактыбыз бар экен, кыргыздар да ошол өз өлкөсү бар улуттардын катарына киребиз. Албетте, эгемендүүлүккө оңой-олтоң жетишкен жокпуз. Бул үчүн ата-бабаларыбыз кан-жандарын беришкен. Тилекке каршы, учурда биз эгемендүүлүктүн кадырына жетпей отурабыз. Түпкүлүгү түбөлүктүү калкыбызды өздөрүнөн айрымалап турган нерсе - бул Улутубуздун өзөгү болгон биздин тилибиз, маданиятыбыз, ата-бабалардан калган каада-салт, энелерибизден келген нарк-насилдерибиз. Бул баалуулуктарды кастарлап, муундан-муунга, урпактан-урпактарга жеткизүү жогорку кызматтарда отурушкан, иштеп кетишкен инсандардан баштап, катардагы карапайым жарандардын, баарынын парз-милдеттери, - деди депутат айым өзүнүн баяндамасында.   

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости