www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университети менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдө түрк тарап Бишкекте ири медициналык клиника куруп берүү сунушун киргизишкен. Анда алар “Клиниканы медицинанын кайсы багытында, канча орундуу кылып куралы?” деп өкмөткө сунуш киргизишсе, кайран кыргызбай өкмөтү “Биз жообун айтабыз” деп коюп бир жылдан ашык убакыттан бери унчукпай, “тылтыйып” келет.

Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында анда отурган өкмөттүн өкүлүнө “Премьер-министриңе айта бар” деген таризде кайрылып жатып билдирди.

-Бул эмне деген кайдыгерлик? “Куруп берели” деп жатышса да реакция кылбасак... Бишкекке ошол чоң клиника курулуп калса, биздин ооруп жаткан жарандарыбыз башка мамлекеттерге убаракерчилик тартып каттабай, өзүбүздөн дарыланышса жакшы болот эле го. Ошол маселени карап, айтып коюу ошончолук эле кыйынбы? Бул эмне деген мамиле?.. – деп Жамалдинов өкмөткө нааразычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

      

 

Последние новости