www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте “Жогорку билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы окутуу жана анын эффективдүүлүгүн жогорулатуу чаралары” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, иш чарага билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, студенттер, күч органдары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

Каныбек Исаков министрликтин системасындагы коррупциялык тобокелдиктердин жана коррупциогендик тобокелчилик бар кызмат орундарынын тизмеги түзүлгөнүн айтып, бул тармактагы коррупцияны алдын алуу жана демонтаждоо боюнча жасала турган жумуштардын деталдуу планын катышуучуларга тааныштырды.

Министр эң оболу коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүнү коррупциялык чөйрөнү жок кылуу, кызмат көрсөтүүдөгү бардык процесстерди автоматташтырып, адам факторун жоюу аркылуу баштоо максаттуу экенин белгиледи. Бул үчүн санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына (ЭВӨС) кошулууну камсыздоо керек.

“Бүгүнкү күндөгү коомдогу терс пикирлерди азайтып, реалдуу күрөш жүргүзүү үчүн ординардык эмес чечимдер талап кылынаарын айтмакчымын. Коррупциянын эң чоң душманы - бул айкындуулук, ачыктык, ошондуктан колдон келишинче бардык процесстерди автоматташтырып, жылчыктардын баарын жаап салышыбыз керек. Албетте, коомчулуктун пикири, жарандык көзөмөл эң негизги каражат жана жардам. Сиздер менен тыгыз кызматташтыкта гана бул жумуштардын өтөсүнө чыга алабыз”,-деди Исаков.

Иш чара "Коррупция көйгөйлөрүн жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоону изилдөө Борбор Азия институту" коомдук фонду, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости