www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Чынын айтыш керек. Гей параддын уюштуруучулары, чет мамлекеттин каражатына азгырылышып, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө уят кылышты. Гейпараддын биринчи жолу биздин өлкөдө өтүшү улуттук менталитетке шек келтирген жат көрүнүш болду. Демократияга жамынып алып, адам укуктарын коргоо деген шылтоону бетине кармап, бейөкмөт уюмдардын чет өлкөлөргө проект жазышып, каражат алышып, батыштагы терс көрүнүштөрдүн ,биздин өлкөгө да келишине шарт түзүшү орунсуз болуп калды. Натыйжада гейлер, лезбиянкалар тууралуу ачык сөз кылышып, аялдардын укугун коргоо деген темага жамынып алып, гейпарадды өткөрүп уят болгонубуз аз келгенсип, жаштардын моралдык психологиялык жактан тескери таасир бере турган иш чарага орун берилгени өкүнүчтүү. Өзгөчө аялдардын укугун коргоо жөнүндө теманы коюп алышып, кыргыз аялдарынын улуттук каада салтына, үрп адатына, улуттук менталитеттеги ордуна, түрдүү маданиятсыз чакырыктары менен маскаралаганы орунсуз болуп калды. Өзгөчө Курманжан Датка энебиздин тарыхый инсан экенине карабай, ыплас иштерине сүрөтүн көтөрүп чыккандары кечиримсиз. Ошондуктан гейпарадды уюштуруучуларды аныктап мыйзам чегинде жоопко тартуу керек. Гейпарадды колдоп кубаттап коштогон Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Эдил Байсалов деген жарандардын жоопкерчилигин да караш керек. Гейпарад деген өнүккөн цивилизация эмес, кыргыздын улуттук менталитетине шек келтирүү. Ошон үчүн гейпараддын катышуучу, уюштуруучуларын да таап, экинчи жолу чыкпай турган кылып, тыюу салыш керек. Ошондой эле чет өлкөлүк агенттер"- жөнүндө мыйзамдын долбоорун кайрадан карап чыгып, мыйзамды тез арада кабыл алып, бейөкмөт уюмдарды иретке келтирип, улуттук кызыкчылыкка каршы иш кылгандарын жаап, тазалаш керек.
Булак: Фабула