www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитке чабуул жасагандарга айып тагылды. Бул тууралуу өлкөнүн полициясынын башчысы Майк Буш кабарлады. 49 адамдын өмүрүн алган теракт боюнча жалпысынан төрт адам кармалды. Алардын бири 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант аттуу адам экени кабарланды. Ал Интернетке мигранттарга каршы манифест жарыялап, андан соң мечитке кол салганын түз эфирде көрсөткөн. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирет.
15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда автоматчан адамдар ок жаадырып кирип барышкан. Бул учурда мечитте 300 адам болгон.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн калабаны «өлкө тарыхындагы эң ири каран күн», «теракт» деп атады. Дүйнөнүн лидерлери чабуулду айыптаган билдирүүлөрдү таратууда.
Булак: NazarNews.kg