www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-мартта Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  2019-жылдын 13-14-мартында ок атуучу куралдан денесинен жаракат алган жарандардын ал-ахыбалы менен Баткен облустук  ооруканасынын хирургия бөлүмүнө барып таанышты. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ден-соолуктарын сурап, кандай кошумча медициналык жардам керек болсо бериле тургандыгын айтып, алардын тез сакайып кетишин каалады.  Жаракат алгандардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда оң бутуна ок жаңылган Баткен райондук милициясынын айдоочу-милиционери Ж.Улукбек да бар эле. Кашкар Джунушалиев: “Сиздердин тезинен сакайып, аман-эсен үйлөрүңүздөргө, үй-бүлөөңүздөргө барышыңыздарга тилектешмин. Сиздердин тезирээк сакайып кетишиңерге бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз”,-деди.

Өз кезегинде Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлери денесинен октон жаракат алган эки жарандын жана бир милиция кызматкеринин абалдары туруктуу экендигин жана жабырлангандарга ар тараптуу медициналык жардамдар көрсөтүлүп, тиешелүү процедуралар жогорку денгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости