www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-мартта Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери борбор калаанын Эркиндик бульварында уюштурулган ишембиликке катышты. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара шаарлардагы жана республиканын калктуу пунктарындагы санитардык абалды жакшыртуу, көрктөндүрүү жана бак-дарактуу аймактардын аянтын кеңейтүү багытында жарыяланган үч айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Ишембиликке катышкандар Эркиндик бульварына 350 эмен көчөтүн отургузуп, жол жээктериндеги таштандыларды тазалашты.

Борбор калааны жашылдандырууга жана дарак көчөттөрүн отургузууга өзгөчө көңүл буруу керектигин айткан Төрага Дастанбек Жумабеков: “Акыркы жылдары шаарлардагы жана айылдардагы жашоо шартты жакшыртуу менен экологияны коргоо маселесине жогорку деңгээлде көңүл бурулуп, өзгөчө маани берилүүдө. Ага ылайык, жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери да ишембиликке чыгып, көчөттөрдү тигүү менен бөлүнгөн аймактарды тазалап келет. Бүгүн биздин кызматкерлер тарабынан олтургузулган ар бир көчөт келечекте калаа тургундарына жана шаар конокторуна кубаныч тартуулап, калаага көрк кошот деп ишенем”, – деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости