www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бешинчи чакырылышытын вице спикери, Надира Нарматова менен кыргыз саясатындагы айрым жагдайлар тууралуу ой бөлүштүк.

-Надира Азимовна, каргашалуу Аксы окуясынын 17 жылдыгына арналган иш чараларда Атамбаевдин сөздөрү коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жатат. Ал айткан сөздөрдүн чындыгы барбы же ал өзүн актоо менен алек болдубу?

-Мен бирин актап, экинчисин каралагым келбейт. Бирок, орунсуз сөздөр, элдин башын айланткан жагдайлар тууралуу унчукпай коё албайм. Чынында  акмакчылык, итчилик, маскарапозчулук, этикага жатпаган, бир биринин абийирин  төккөн достордун өз ара мамилесиндеги хикаялары кыргыз элинин кускусун келтирет. Ошол иренжүүнү эмнеге өздөрү сезишпей жатканына таңгалам. Чынын айтканда, эки достун жеген-ичкени, олтурган, турган жеке мамилесинин карапайым элге эмне кереги бар? Убагында айткандарын, сунуштарын колдоп, кубаттаган элге айтаар рахматтары ушулбу?
Же Кыргыз эли булар үчүн жөнөкөй гана кол астыларында каалагандай калчап ойной турган оюнчукпу? Же Кыргыз мамлекети бул кишилердин жеке менчигиби?

Каалаган сөздөрүн айтып, каалаган жумушун жасап, оюндагыдай болбой калса, жаңылдым, жаздым, кечиргиле – десе эле алардын кылыгы кечирилип кала береби?

Мамлекеттин, элдин тагдыры менен ойногондун да тарых алдында жоопкерчилиги бар да. Ага болбой эле оюна келгендерин оттошот. Чынын айтыш керек 9 жылдан бери КСДП Кыргызстанды каалагандай калчады. Жыйынтыгы чимкирик, какырык, түкүрүк, коняк, арак менен бүтмөй болду. Башкасын кой, колдорунан эч нерсе келбегенин өздөрү далилдеп, өздөрүнө өздөрү баасын бере башташты. Деги булар элди иренжиткен  сасык оюндарын  токтотушса болот эле.

-Баса, 2010-жылдын 7-апрелиндеги каргашалуу окуяда көзү өткөндөрдүн аты жазылган кара тактаны алуу  боюнча кайрылуу жазыпсыз. Ал демилгеңизди колдоого алгандар барбы?

-Ал кайрылууну жазганым менен тилеке каршы, ушул мезгилге чейин көңүл сыртында келе жатат. Ак үйдүн сырты тосулган темир тосмого көзү өткөн азаматтардын аты жазылган кара тактайчага коомчулукта көп нараазы пикирлер айтылып жүрөт.

Анткени, ак үй мазар сыяктуу таасир калтырат. Апрель окуяларын эскерүү мезгилинде  гүл чамбарлар коюлат. Ал мезгилде ак үй мазарга айдангандай эле сезилет. Ак үй ак үйдөй болуп, коомчулукка жылуулук тартуулап, кара эмес, ак энергияга ээ болушу керек. Анткени, ар кандай көрүнүштөр ниетке жараша болот. Ошон үчүн тосмодо илинип турган кара такталарды алып, ак кара таштан жасалган ак үйдүн жанындагы эстеликке  жайгаштыруу керек. Башкача айтканда, эстелик менен тизмелер комплекстүү болуп, бири-бирин толуктап калат. Кыскасы,  тазаланууну ак үйдүн темир тосмосунан башташ керек. Ак үй акжолтой болсун деп. Менин ушул кайрылуумду президент жана депутаттар эске алып, биргелешип, тиешелүү чечим чыгарат деген үмүтүм зор.

 -Гей парад өтөөр менен баягы сиздер демилгелеген бейөкмөт уюмдарга чет элдик агенттер деген макам берүү боюнча жазылган мыйзамды эске салды. Эгер ал мыйзам кабыл алынганда  гей параддардын өтүшүнө тыюу салынат беле?

-14000ден ашык бейөкмөт уюм  5,6 миллион калкы бар Кыргызстанга чынында  өтө эле көптүк кылат. Ошондуктан 2014- жылы Жогорку кеңештин  бешинчи чакырылышынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев үчөөбүз сунуш кылган НПОлор жөнүндөгү мыйзамга аларга чет элдик агенттер, - деген макам берүү тууралуу  маселе көтөрүп,   мыйзам долбоорун жазганбыз. НПОчулардын таасири менен көпчүлүк депутаттар түшүнбөй эле каршы добуш берип коюшкан. Эгерде ошол мыйзам кабыл алынганда, койнунда котур ташы бар НПОлор кайрадан каттоодон өтүп тазаланмак. Бүгүнкүдөй коомчулукту беймаза кылган окуялар болмок эмес.

НПОлорго мамлекеттик көзөмөл болуш керек. Акчаны кайдан алып жатат, кайда жумшайт, баарын иликтеш керек. Ошондой эле алардын максатын, отчетун көзөмөлгө  алыш керек. Укук коргоочу, жаранлык коомдун мүчөсүмүн дегендердин  каалаган жерге кыйкырып, каалаганын жасап, жүрүш уюштурганга тыюуу салыш керек. Антпесек, булар күндөн күнгө күч ала берет. Эң негизгиси буларды тез мыйзам менен жолго салыш керек. Чет мамлекеттен алган каражаттарыбыз билинип калат деп, биз жазган мыйзамдарды парламенттеги НПОчулар кабыл алдырбоого аракет кылышат. Чынында булар уставына башка нерсе жазышат да, иш жүзүндө башка иш кылышат.

-Мындай чектөөлөр демократиянын принциптерине каршы келип калбайбы?

-Демократияга тыюу салган эч ким жок. Жарандык коомго да эч ким чектөө койбойт. Мыйзам кабыл алынса, бейөкмөт уюмдар ирээттелип, кайра каттоодон өтөт. Мындан сырткары диний агымдар жана башка уюмдарды ирээтке келип калат. Мамлекеттин жашоосун, саясатын өзгөртүүнү каалаган бейөкмөт уюмдардын ишин көзөмөлгө гана алынат. Азыр мамлекетке кыянатчылык кылган бейөкмөт уюмдарга эч ким тыюу салып, көзөмөлдөгөн жок. Ошон үчүн ушундай элге жат нерселер орун ала баштады.

Булак: "Майдан кж"

Последние новости